Мамлекеттик тарых музейинде өтчү бул жыйынды «Бата», «Кут Ордосу» сыяктуу коомдук уюмдар уюштурууда. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык кырдаал, ХИПК маселеси жана Кыргызстандын бүгүнү, эртеңи талкууга алынат. Жыйынга саясатчылар, чыгармачыл чөйрөнүн, партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.(SM)