Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

КОЧКОР: ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН АДАМДАР БАР


Нарын облусунда 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү саат экилерде жер титиреген. Натыйжада алты жарым - жети балл жер титирөө Кочкор районуна көп экономикалык зыян алып келди, адамдар да жабыркады.

Кочкор райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Медет Жумаев зилзаладан адамдар да жабыркагандыгын билдирди:

- Жер титирөөдөн кийин көп адамдар кайрылып атышат. Экөө келип биздин ооруканага жаткырылды. Тамдын дубалдары урап кетип жаракат алышкан экен. Моюн омурткасы сынган адамды азыр Бишкекти көздөй жөнөткөнү турабыз. Ар бир үйдөн элдер үйүнө күндүр-түндүр чакырып атышат.

Анын айтымында эки айылдын бейтапканасынын имараты жараксыз болуп, учурда башка имарат издештирилип жатат. Ал эми катуу жабыркады делген Исакеев айылынын фельдшери Гүлнара Шаршенбаева адамдар медициналык жардам сурашкандыктарын маалымдады:

- Давление болгон кишилердин барына бардым. Боюнда бар эки келин да кайрылды.

Кочкор районунун акиминин биринчи орунбасары Касен Азизов райондук комиссиядан тышкары айылдарда комиссиялар түзүлгөндүгүн, чыгып тактала электигин айтты:

- 31 адамдан турган штаб түзүлдү, күнү-түнү иштеп атышат. Бизге кайрылып аткан адамдардын да саны күн өткөн сайын аябай көбөйүүдө. Канча сомдук зыян келтирилди? Бул боюнча так эсеп чыга элек.

Бишкектен алгачкы жардам катары 900 тоннадай цемент, 500 шифер, ДСП, ДВП, 10 палатка, подстанциялар келатыптыр. Алар комиссиянын чечиминин негизинде жабыр тарткандарга бөлүштүрүп берилет.

Райондук комиссиянын ишинен кийин кайра өкмөттүк комиссия түзүлөт:

- Атайын өкмөттүк комиссия келет деп атат. Алар биз текшерген үйлөрдү дагы бир жолу көрүшүп, канча акча сарыпталыш керектигин тактап, ошого жараша өкмөткө сунуш берилет экен, өкмөт ссуда берүү жана башка маселелер атайын токтом менен чечет болуш керек, - дейт акимдин орунбасары.

Зарыл аттуу Кочкор айылынын тургуну жер титирөө боюнча буларды айтып берди:

- 25нен 26сына караган түнү жер титирегенде үйүбүздүн бары талкаланып, бүт кулады. Башы-көзүбүзгө кум куюлду, эшике качып чыгып, эптеп сактандык. Дагы эле коркуп атабыз, дагы жер титирейт деп айтып атышат. Дубалыбыз кулаганы калды, эми куласа кыш-күрөөдө кайда барып жашайбыз.

Исакеев айылынын тургуну экинчи топтогу майып Болду Токтосунова текшерип жүргөн комиссияга нааразы:

- Жашаганга болбой калды. Коркунуч менен жашап атабыз. Жергиликтүү комиссия келип жашаганга болот деп тамаша кылып кетишти.

Айгүл Жусупованын үйүндө үч үй-бүлө жашап жатат.

Райондук комиссиянын мүчөсү Нурлан Эшимкамбет уулу жабыркаган ар бир үйгө барышарын билдирди:

- Азыр саат алты болду, эми 8-9га чейин кыдырабыз. Бир дагы үй кыдырлбай калбайт.

Исакеев айылынын тургуну Майрамбек Таласов жер титиреген түнү атайын кызматтар даяр болгон эмес деген оюн билдирди:

- Түнкү саат үчтөн баштап өзүбүздүн айылда штаб ачканбыз. Таңкы бештерде айыл өкмөтүнө билдирүү бергенбиз. МЧСтин райондук башчысы Бейшенкуловго да бергенбиз. Түнкүсүн эч бир кызматты чыгарышкан жок. Канча балл жер титирегенин билишкен да эмес. Демек алар эч иш кылган жок.

Алгачкы түзүлгөн айылдык комиссиянын ишине айылдыктар нааразы болушуп, кайра комиссия түзүшкөн. Алар облустан, райондон, атайын министрликтерден келген комиссияларга нааразы болушуп президентке кайрылуу жазышкан. Келген жардамдар муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылаарына ишенишпейт:

- Бүгүн кайрадан штаб ачып, кайра шайладык, кайрылуу жөнөткөн атабыз.

Эл иччү сууну да тазалаш керек дейт Майрамбек Таласов:

- Ошол жерден жүз метрдей жер жарылып эки метрге чейин түшүп кеткен. Ал жерди текшербесе элге кыйын болот, ылай суу чыгып атат.

XS
SM
MD
LG