«Кыргыз руху» гезитине «Демократиялык күчтөр биримдиги» партиясынын теңтөрагасы Бакыт Бешимовдун «Кыргызстан туңгуюкка жол тандады» деген макаласы басылды. Б.Бешимов мырза макаласында Кыргызстандын эгемендикке жеткенден берки оош-кыйыштарын анализге алуу менен азыркы кырдаалга баа берип, эгер парламент өз ишин токтотсо, аткаруу бийлигинин абалы мындан да начарлап, мамлекеттин бардык бийлик бутактары алсыз абалга келип, саясаттагы карама-каршылыктар эки эсе күчөп, коррупциянын арааны дагы ачыларын, картадагы Кыргызстан деген өлкө акыры донорлордун, кул болсоң пул берем дегендердин, бай коңшулардын колуна түшүп бериши ыктымал, кыскасы биз 2005-жылы эмнелерден баштасак, 2009-жылы кайра ошол абалга келишибиз мүмкүн, деген ойду айтты.
«Жаңы ордо» гезити, дагы бир саясый партиянын-«Кыргызстандын келечеги» деп аталган партиянын башчысы Балбак Түлөбаев менен баарлашып, жаңы бийлик менен парламенттин тирешүүсү эмнелерге апкелиши мүмкүн деп сураганда, Балбак мырза, эгер тирешүү ушинтип күчөй берсе чоң чабуулга апкелерин, мамлекет азыр кайсы жолго түшөрүн билбей турганын баяндаган.
«Эркин тоо» гезити Улуттук банк төрагасы Марат Алапаевдин гезиттин эки бетин ээлеген көлөмдүү макаласын жарыялады. Макала жалаң ХИПИК программасын «Эркин тоонун» окурмандарына түшүндүрүүгө арналган.
«Кыргыз туусу» гезити өз окурмандарын сөзгө тартып, «Жогорку Кеңеш кетсинби же кетпесинби?-деген суроо койгон. Жазуучу Кален Сыдыкова, парламент кетип, кайра шайлоо болсун десе, депутат Султан Урманаев, парламент да, Бакиев да 2010-жылга чейин, өз мөөнөттөрү бүткөнчө иштей берүүлөрү керек , деп жооп беришкен.
«Жаңы кылым» гезити Акаевдин залим, чыккынчы бийлигине төшүн тосуп каршы турган эрдигин, намыстуулугун көрсөткөн дүйнөлүк кадыр-баркы бар кино ишмери Болот Шамшиевди «Кыргыз эл баатыры» наамына көрсөтүү демилгеси менен чыккан жарандардын катын жарыялаган.
«В конце недели» гезити, Кыргызстан Жаңы Жылды жаңы саясый кризис менен тосуп баштаганын, президент К.Бакиев парламенттен мамлекеттин жергиликтүү орган жетекчилери менен облус губернаторлорун өзү дайындап, бүтүндөй күч структуралары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өзү башкарып, жергиликтүү сооттор менен Жогорку соттун судьяларын өзү сунуш кылуу укугун кайта кайрып алууну талап кылууну талап кылып жатканын, эгер баары айланып келип эле өзүнүн мурдагы ордуна келе турган болсо, анда конституциялык реформа жасоонун зарылдыгы бар беле, деп жазды.
ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ