Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

ИРАКТА ЖАРААТ АЛГАН АСКЕРЛЕР КАЙДА ДАРЫЛАНАТ?


Жаңыл Жусубжан Ирак, Ооганстанда оор жаракат алган көптөгөн америкалык аскерлер Вашингтондун чет-жакасындагы Уолтер Риид атындагы медициналык борбордо дарыланат. Бул борбор эшигин биринчи жолу 1909-жылы ачкан. Бүгүн анда Кошмо Штаттары жүргүзгөн алты согуштун ветерандары дарыланат. Дүйнөлүк эки, Корея, Вьетнам, 1990-жылдагы Перси булуңундагы жана азыркы Ирак жана Ооганстан согуштарынын кары жана жаш катышуучулары аралаш дарыланган ооруканада Азаттыктын кабарчысы Хезер Маер болуп келген эле, анын репортажы менен тааныштырабыз.

Кирпичтен салынган бул эски чоң имаратта кечээ эле Багдаддын көчөлөрүн патрулдап жүргөн 20 жаштагы жоокерлер Экинчи дүйнөлүк согушта Парижди бошотууга катышкан пенсионерлер менен аралашып жатат. Улуулары кезектеги дарыланууга келишкен. Жаштары дээрлик бардыгы Иракта алган жарааттары менен жатышат. Кийинкилеринин басымдуу бөлүгүн АКШ армиясынын Германиядагы Ландштул аймактык медицина борборунан уктатуучу дары сайып, же эс-учун жоготкон бойдон алып келишкен.

Кошмо Штаттарынын Коргонуу департаментинин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-декабрына чейин Иракта 2936 аскер өлтүрүлдү, мындан дээрлик 10 эсе көп аскер – 22229 жараат алды. Алардын он миңи кайра согушка кайтып кетти.
Уолтер Риидде Ирактан жарадар болгондор өзүнчө бөлүмдө жатышат.

Бул экинчи кабаттагы буту же колу кесилгендерди реабилитациялоочуу жай. Машыгуучу жана жүрөктүн ишин бекемдөөчү машиналар чоң терезелердин алдында тизилген. Бир бурчтагы үстөлдө бышкан ар кыл тамак жыйылып турат. Төшөк салынып, жумшакталган такталарда жаткан жаш, олбурлуу келбеттеги жигиттерди дарыгерлер жана физиотерапефттер айланчыктап жүрүшөт. Бул жигиттердин дээрлик бардыгы бир, кээде эки бутунан же колунан тең айрылган. Бут боло турган жерде жалтырак жалтырак ичке темир түтүк чыгып, учу батинкеге киргизилген. Колдун ордунда – жеңден учтуу темир чыгып турат.

Бир аскер көмкөрөсүнөн жатат, буттарын доктор чоюп, кармалап атат. Аскер өйдө болуп, чалкасынан аңтарылганда, алган жарааты көзгө урунат – бетинин териси эрип калгандай бырыш, оң көзү кылыйып, чала жабылган, оозу бир жагына кыйшайып калган.

Мэтт Шерер реабилитация бөлүмүн жетектейт. Ал жасалма бут же кол тагылганга чейин жарадарларга жүрөгүн, булчуңун машыктырып, тең салмактуулукту жана ички булчуңдарды бекемдөө боюнча көнүгүүлөр жасалаарын айтат.

Реабилитация бөлүмүнүн бир бурчунда жашы улгайып калган киши оң бутунан айрылган жаш ветеран менен добушун пас чыгарып сүйлөшүп турат. 78 жаштагы Том Пертер бул жакка күндө келет:

Мен колу-бутунан жаңы айрылгандарды көргөнү келем. Өзүм эки бутумдан тең Кореяда кол жуугам. Ошондуктан бул жакка келип, колумдан келген жардамымды бергим келет. Бул менин өзүмө да керек, карган абышканын бул жерде жүргөнү да кээ бирлерге даба. Мен аларга баары жакшы болот деп айтпайм, болгону жашаса болот, кээде кыйын, кээде жеңил болот деп айтам.

Бул бөлүмдүн сыртында Иракта замбиректин огунан эки бутунан тең тизесинен ылдый ажырап калган деңиз күчтөрүнүн офицери 33 жаштагы Чад Куайзер коридордо нары-бери басып жүрөт. Ал жаңы технологияларды колдонуу менен жасалган темир бутту биринчи жолу тагынып көрүп жаткан экен. Ичинде компютер салынган жасалма бут адамдын бутундай бүгүлүп, кайра түзөлүп жатты.

XS
SM
MD
LG