Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

ӨКМӨТ КЕТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ


Бүгүн премьер-министр Феликс Кулов өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү. Анда Ф.Кулов жаңы Конституцияга ылайык парламент дагы, өкмөт дагы толугу менен кызматтарынан кетиши керектигин билдирди. Өкмөт мүчөлөрү Ф.Куловдун сунушун колдоп, добуш беришти.

Ф.Кулов бүгүн президентке өкмөттүн кетип жатканы тууралуу арыз менен кайрылат. Президент К.Бакиевдин чечимине жараша өкмөттүн тагдыры чечилмекчи. Ал чечим кабыл алынганча өкмөт адаттагы режиминде иштей бермекчи.

Айрым маалыматтар боюнча, эми парламент дагы тарамакчы жана Кыргызстанда жаңы парламенттик шайлоо болот. Ага жараша өкмөт да жаңыланмакчы.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдыраимовдун кызматтан алынышынын түпкү себеби дагы алдыдагы чоң саясий окуяларга байланыштуу деген пикирлер бар.

XS
SM
MD
LG