Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

БУЛ КЫРГЫЗ…ПУЛ КЫРГЫЗ… КУЛ КЫРГЫЗ…


«Кыргыз руху» гезитиндеги маегинде медицина илиминин доктору, академик Омарбай Нарбеков, эгер Бакиев менен Кулов Кыргызстанды ХИПИКсиз оңдой албайбыз дешсе, бийликте бир да мүнөт турууга акылары жоктугун, кокус булар азгырып жаткан программага кирүүгө кыргыз элинин 99 пайызы макулдугун берсе, анда ошол элдин өз шору өзүндө экенин, академик Нарбеков ушу тапта дүйнөлүк дартка айланган аз кандуулукка, кургак учукка, кант ооруларына каршы дары ойлоп таап койгонун, «Чернобыль» каргашасынан айыкпас кесел чырмагандарды айыктырып келаткан «Тянь-Шань мүрөгү» аттуу дарысына Орусия, Украина, Беларусь тарап тонналап заказ берип атканын, непадам Кыргыз өкмөтү жөлөк-таяк болуп, «Тянь-Шань мүрөгүнөн» 1 миллиард куту дары чыгарып берсе эле ошону сатуудан 6 миллиард доллар түшөрүн, ХИПИКтен ушинтип эле кутулса болорун, жакында Астанага барганда казак туугандар: «ой, акеңоозун урайын кыргыздар, эми башкасы бүтүп кул болоруңар калдыбы?» деп шылдыңдап күлүп олтурганын кеп кылган.

«Кыргыз туусу» гезити Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын ХИПИКтин шарттары менен тааныштырган билдирүүсүн басса, «Эркин тоо» гезити «Кумтөрдүн» кунун кубалап келаткан депутат К.Исабековго сөз берген. Депутаттын айтымында «Кумтөрдөн» агып түшкөн алтын азыр Акаевдин алкымында турат, ушу бүгүн деле куюлган алтындар учак менен уурдалып келатат, ушундай жол менен уурдалып бараткан алтын Араб Эмираттарына уча турган учактан кармалган, Куловго кирип маселе койсо, өкмөт башчысы «күрөшүп» жатканын айткан…

«МСН» гезити ХИПИКтен чыгуунун атаандаш жолун сурап академик Асылбек Айдаралиевге кайрылганда, ал, тээ согуштун соңку жылдары аркы-терки жүргөн машиналар көбөйүп, аларды көрүп алып үркүп кетпесин деп аттардын көзүн жоолук менен таңып алмай өнөр чыкканын эсине түшүрүп…тилекке каршы бүгүн Кыргызстандын каржы министрлиги дал ошол кездеги көзү таңылуу атка окшоп, ХИПИКтен бөлөктү көралбай турганын, карыздан кутулуунун атаандаш жолдору жок эместигин, маселен Германия эгер Кыргызстан кургак учук оорусу менен күрөшүүдөн 300 миң евро үнөмдөсө биз 900 миң евродон кечүүгө даярбыз деп билдиргенин мисал кылып, мындан башка да толгон-токой жолун тапса болорун, тилекке каршы буга эчким кызыкпай жатканын баяндаган.

«Агым» гезити Өзбекстан жаңы жылдан баштап Кыргызстанга бере турган газдын баасын көтөргөнүн, ошол эле убакта Кыргызстан өзбектерге берүчү электр энергиясынын баасын биртоп эле арзандатып берип жатканына айрым жарандардын оюн сураганда, экономика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев, өзбек тарап менен сүйлөшүүгө барган мамлекеттик ишмерлердин ар дайым жөндөмсүздүгүн, мисалы өзбектерге электр баасын 43 тыйындан кылып, өзүбүзгө 62 тыйындан сатып жаткандын өзү эле бул акыл-эси ордунда турган бийликтин эмес, өз элинин душманынын жасай турган жоругу болорун айткан.

«Кыргыз руху» гезити аркылуу маек курган инженер-конструктар, ойлоп табуучу Таалайбек Керимбаев, бүгүнкүдөй оор абалда илимден жол таап, көмүр чыккан жерлерге орто жана кичи кубаттуулуктагы заводдорду куруп, көмүрдөн синтетикалык май өндүрүүгө киришүүнү сунуш кылат, инженер-ойлоп табуучунун ишениминде синтетикалык май Кыргызстандын өлөсөлүү абалда турган экономикасынын тамырына кан жүгүртүп, өлкө сырттан май сатып алуудан, демек башка өлкөлөрдүн көзүн кароо «кулдугунан» кутулмак, алтургай баасы кымбат, экологиялык жактан зыяны жок, таза майдын кожоюнуна айланат эле… Ушул эле гезит бир кездеги малчарбасы менен өнөржайы дүркүрөп өсүп турган, завод-фабрикалары дүкүлдөп иштеп турган Кыргызстанды тыптыйпыл кылып талкалаган ПЕСАК программасын алып келген батыш сүткорлору бүгүн ХИПИК программасын алып кирип атканын, эгер ушунчасында эсине келбесе бул БИЙЛИКти ХИПИК түп-орду менен жексен кыларын жазды.
XS
SM
MD
LG