Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

ТЕГЕРАН 5+1 ДИН МАЙНАПСЫЗ АРАКЕТТЕРИН ТАБАЛАЙТ


Орусиянын тышкы иштер министри Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин Ирандын ядорлук программасы боюнча резолюциясынын жаңы долбооруна колдоо билдирди. Сергей Лавров 5+1 тобунун жаңы сунушу "Орусиянын сунуштарына негизделген жана ал Иранды сүйлөшүүлөргө мажбурлайт" деп айтты. Бирок ирандыктар өлкө "бардык тоскоолдуктарды жеңди" деп жар салышууда.

Резолюциянын жаңы долбоорун 5+1 тобуна кирген Кытай, Франция, Британия, Орусия, Кошмо Штаттары жана Германия өткөн аптада Парижде талкуулаган эле. Ошондо эле жаңы документке тоскоол болуучу жагдайлар бар экендиги айтылып жаткан. Ирандын Бушехр шаарында 800 миллион доллардык ядролук ишкана куруп жаткан Орусия Иранга кеңири санкцияларды колдонууга каршы чыккан шекилдүү. Атын атабоону туура көргөн европалык дипломат Ройтерге "Орусия менен Кошмо Штаттарынын ортосунда зор ажырым кала берүүдө" деп айтты.

Апта соңунда белгилүү болгондой, Орусиянын турумун эске алуу менен олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген резолюциянын долбоору 5+1 тобунун элчилеринин арасында ушул күндөрү таркатылып жатат. Кабарларга караганда, Орусияны ыкка келтирүү аракетинде, долбоордон Бушер ядролук ишканасы тууралуу чектөөлөр алынып салынган.

Муну эске алганда, Ирандын өкмөтү санкцияларга каршы чыгып жатканы таң калыштуу эмес. Анын ичинде президент Ахмединежад Ирандын ядролук прогрессине бут тосуу "өлкөгө каршы душманчыл аракет" болот деп эскертти. 9-декабрда жаштар менен жолукканда Ахмединежад эл аралык коомчулук аскердик санкциялардан ичи көңдөй санкцияларга келип такалды деп ырастап, бул кырдаалды Ирандын "зор ийгилиги" деп мүнөздөдү.

Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Ирандын ишин БУУнун Коопсуздук кеңешинде кароого негиз жок деп айтып, Иран ядролук программасын уланта берүүгө ниеттүү экендигин бышыктады.

Ирандык консервативдүү гезиттер да ушул эле маңызда жазышууда. "Кайхан" гезити 7-декабрда "5ке бирди кошсо нөл болот, алты өлкө кирген топтун жетинчи жолку кыйрашы" деп какшыктады. Ал эми өкмөттүк "Сиясат-и-Руз" гезити 9-декабрда "Ядролук энергетика тармагында Иран – бардыгын артта калтырды, ирандык жетекчилер Американын кутумдарын ийгиликтүү жеңип келатат" деп жар салды.

XS
SM
MD
LG