Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

“АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН ЖАРЫЯЛАЙТ


“Ата мекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов кечээтен бери Улуттук коопсуздук кызматынын камагында отурат. Ал МТРКнын вице-президенти Бейшенбек Бекешовго кол көтөрдү деп айыпталып, Ленин райондук ИИбөлүмү тарабынан суралып жаткан. “Ата мекен” партиясы Калпетовдун иши коопсуздук кызматы тергей турган деңгээлдеги иш эместигин белгилеп, муну бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан куугунтук катары баалоодо. Партия мүчөлөрү өздөрүнүн партиялашына тилектештик иретинде эртеңден тарта саясий ачкачылык жарыялай тургандыгын маалымдашты.

“Ата мекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетов ээнбаштык кылгандыгы үчүн күнөөлөнүп жаткан. Партия тараткан билдирүүгө ылайык, жаңы башмыйзам боюнча прокуратура камоого санкция берүүгө укуксуз болсо да, кечээ Ленин райондук прокуратурасы Калпетовду камоого санкция берген. Ошол эле күнү Калпетов Бакытты Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери алып кетишкен. Анын адвокаты Райымкул уулу Касымбектин айтуусунда адвокатка Калпетов менен көрүшүүгө уруксат бербей жатышат:

-УККнын кабылдамасында эртеден бери турам. Аны менен жолугууга мага да уруксат беришпеди. Кечээ саат алтыда алып кеткен боюнча эч кандай кабар бербей жатышат.

Адвокаттын айтымында Бакыт Калпетов кечээ күндүзгү саат үчтөн баштап ачкачылык жарыялады:

Бул окуя боюнча УККнан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Президент алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун Калпетовго байланыштуу иш боюнча УККна кайрылып жаткандыгын билдирди:

-Бул иш боюнча “Ата мекен” партиясы мага кайрылды. Ошонун негизинде мен УККна кайрылып атам,-деди Турсунбек Акун.

УТРК вице-президенти Бейшенбек Бекешов 5-ноябрда өзүн уруп-сабагандарды таап берүүсүн өтүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган. Ленин РИИБ МТРК операторлору тартып алган видеотасма боюнча Калпетовду күнөөлүү деп таап, анын үстүнөн иш козгогон.

Бакыт Калпетовдун УКК тарабынан камакка алынышын “Ата мекен” партиясы саясий куугунтук деп баалап жатат. Партиянын Бишкек шаардык координатору Райкан Төлөгөнов 25-ноябрга чейин Калпетов УККнын камагынан бошотулбаса, Кыргызстандын бардык аймактарындагы “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү саясий ачкачылык жарыялай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди:

-Бизге Оштон, Баткен, Жалалабаттан жана башка аймактардан партиялаштар телефон чалып атышат. Эртеңден баштап бир топ кишилер Бакытты колдоо иретинде саясий ачкачылык жарыялашат. Ал эми дем алыш күндөрү нааразылык митингине чыгабыз,-деди Райкан Төлөгөнов.


Сүрөттө : Улуттук коопсуздук кызматы кармап суракка алып жаткан «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпеков.


Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG