Экономика жана каржы министри менен Улуттук банктын төрагасы бүгүн Жогорку Кеңеште ХИПКке кирүүнүн жолдору, анын максаттары тууралуу кыскача маалымат берди. Бир катар депутаттар ХИПК программасына кирүүгө таптакыр каршы экендиктерин билдиришти. 2-декабрда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Бишкекке келип бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул маселе декабрь айынын башталышында парламенттин сессиясында талкуулана турган болду. (AJ)