Бул маселе парламенттин бүгүнкү жыйынында да козголмокчу. Жекшембиге оогон түнү саат үчтөр чамасында депутат Иса Өмүркуловдун үйүнө белгисиз бирөөлөр эки граната ыргытышкан. Жарылуудан эч ким жабыр тарткан жок, бирок үйгө зыян келтирилген. Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, окуя болгон жерге барган тиешелүү адистер алгачкы иликтөөлөрдүн натыйжасында анын үйүнө РГД үлгүсүндөгү согуштук граната ыргытылганын айтышкан. Иликтөө иштери уланууда.