Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:10

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН БУЗУЛГАН МАМИЛЕЛЕРИН КАЙРА ЖАКШЫРТЫШЫ МҮМКҮН


Европа Биримдигине кирген мамлекеттер менен Өзбекстан ортосунда бүгүн жана эртең Брюссел шаарында элчилер жана андан соң министрлер деңгээлинде кызматташуу маселелелери талкууланат. Аны Батыш коомчулугу жана адам укуктарын коргогон уюмдар терс кабыл алды.

7-ноябрда Брюссель шаарында Өзбекстан менен кызматташуу маселесин элчилер талкуулайт, 8-ноябрда ал маселе министрлердин жыйынынын күн тартибине коюлат, акыркы чечим болсо ошол эле Брюссель шаарында 13-ноябрда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынууга тийиш.

1-январдан тартып Биримдиктеги төрагалык Алманияга өтөт жана Берлин өкүлдөрүнүн айтымында, Ташкен менен бузулган мамилелерди кайрадан калыбына келтириш керек, мисал үчүн, Өзбекстанга каршы мурда жарыяланган чектөөлөрдү алып салган жакшы.

2005-жылдын май айында Анжиян шаарында болгон окуяларды эл аралык коомчулук жана аны менен катар Европа Биримдиги дагы эл аралык дэңгээлде тергеп чыгууну талап кылган, ал талап Ташкен тарабынан четке кагылгандан кийин былтыр октябрда Европа Биримдиги Өзбекстандын 12 жогорку жетекчисине Батыш мамлекеттерине келүүгө виза бербөөнү жана Ташкенге курал сатууга чектөө салууну чечкен. Андан тышкары Биримдик менен Өзбекстан ортосундагы кызматташуу келишими токтотулган.

Берлиндин азыркы пикирине караганда, Өзбекстанга баары бир өтө деле көп курал сатылбайт, ошондуктан андай чектөөнүн мааниси деле жок. Андан тышкары, айрым эксперттердин пикиринде, табигый газ сатып алууда Биримдик Орусиядан башка булак табууга аракеттенип жатат. Дагы бир себеп - андай чектөө Биримдик тарабынан салынганы менен, ага мүчө болуп кирген мамлекеттер баары бир Өзбекстан менен эки тараптуу кызматташууну улантууда, ошондуктан чектөөлөр дээрлик маанисиз.

"Хюман райтс вотч" уюмунун өкүлү Вероника Шенте Голдстон 6-ноябрда Брюсселде журналисттер менен жолугуп, эгер чектөөлөр алып салынса, анда Өзбекстандагы абалды жакшыртууга багытталган эч түрткү калбай калат деп билдирди: "Европа Биримдиги ал чектөөлөрдү азыр алып салса, Ташкенге басым жасай ала турган чаралардын негизгилеринин бири жок болот жана өзбек жетекчилигинин абалды өзгөртүүгө эч себеби калбайт. Азыр алар андай аракеттерге - Биримдик менен диалог жүргүзүү үчүн гана барышы мүмкүн", - дейт Шенте Голдстон.

Батыш укук коргоо уюмдарынын Өзбекстанда калган бирден бир өкүлдөрүнүн бири, "Хюман райтс вотч" үчүн иштеген Андреа Бергдин айтымында, абал начарлап гана баратат: "Мен акыркы бир жылдын ичиндеги окуяларды эле атасам, абал абдан начарлады. 2006-жылдын январынан бери 12 укук коргоочу үч жарым жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөргө кесилди. Ал 12 сот ишинин айрымдарын мен текшерип чыктым, алар негизинен жасалма уюштурулган соттор болгон", - деди Андреа Берг 6-ноябрда.



Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG