Президент Жорж Буштун Республикалык партиясы 12 жылдан бери Конгресстеги көпчүлүккө ээ, бирок азыркы шайлоодон кийин абал өзгөрүшү мүмкүн. Бардык эксперттердин пикиринде, ага - Вашингтондун Иракта жүргүзүп жаткан согушу жана аны менен байланышкан саясат негизги себептердин бири болууда.
Демократиялык партия азыр өкмөттү Ирак саясаты үчүн катуу сынга алууда, бирок, "Уолл стрит жорнел" гезити жазгандай, саясат кандай өзгөртүлүш керек экени тууралуу алар эмгиче орчундуу сунуш да жасай алган жок. Демократ саясатчылар - аскерлер Ирактан чыгарылып кетиш керек дегенден тартып, Иракты улуттук негизде үч башка чөлкөмгө бөлүп, конфедерация түзүш керек дегенге чейинки сунуштарды айтууда.
Аны менен катар, деп жазат гезит, бийликтеги Республикалык партиянын жетекчилери дагы маселени кантип чечүү керек экенинде кыйынчылыктарга такалууда. Алар акыркы мезгилде - Ирактагы саясат өзгөртүлүүгө тийиш деген тыянакка келе баштады жана ал тууралуу президент Жорж Буш дагы билдирди. Анткен менен жалпы стратегия мурдагыдай бойдон калат.
Британиялык "Файнэншл таймс" гезити жазганга караганда болсо, эгер шайлоодо демократтар утуп чыкса, өкмөттөгү эки адам дароо кызматтан алынат деп күтсө болот, алар - коргоо министри Доналд Рамсфелд жана АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтон. Болтон кызматка дайындалганда, Сенат аны бекиткен эмес жана президент Буш ага карабастан дайындоо жөнүндөгү буйрукка кол койгон. Рамсфелддин саясатын болсо, гезиттин кабарына караганда, акыркы мезгилде саясатчылар гана эмес, аскерий адистер да жактырбастан, жакында бир топ генерал ал тууралуу президентке атайын кат жазган.
Акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, карапайым калк арасында дагы президент Бушка көрсөтүлгөн колдоо азаюуда, ал эми АКШнын Ирактагы саясаты тууралуу терс пикир жайылып баратат. Мисал үчүн, Нью-Йорк штатынын тургуну Роберт деген адам "Азаттыктын" кабарчысы Хизе Маэр менен маектешкенде, ал тууралуу минтип билдирди: "Иракка кирүү менен биз ката кетирген жокпуз. Бирок Саддам Хусейн кармалаары менен, аны өлтүрүп салыш керек болчу жана аскерлерди ошондон кийин дароо өлкөдөн чыгарып кеткенде жакшы болмок. Ирактагы азыркы кагылышуулар болсо ич-ара согушка айланып баратат. Бул өзүнчө эле бир аскерий жортуулга айланып кетти", - дейт 22 жыл полициячы болуп иштеген Роберт.
Майк деген адамдын айтымында болсо, Ирак согушу менен байланыштуу жакындап келаткан шайлоо алдында америкалык коом экиге бөлүндү жана түзүлгөн мындай абал ага такыр жакпайт: "Демократтар менен республикалыктарга келгенде, алар биригип, бирдиктүү команда болуп иштемейинче, экөөнүн тең саясаты мага жакпайт", - дейт Вашингтон штатынын тургуну Майк.
Саясий талдоочулардын айтымында болсо, Ирак согушу менен байланыштуу азыркы добуш берүүгө катыша турган адамдардын саны жогору болоору күтүлүүдө.