Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

ОППОЗИЦИЯ МААНИЛҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИ БАСЫП АЛГАН ЖАТАБЫ?


3-ноябрда Жогорку Кеңеште маанилүү обьектилерди жана аймактарда акимчиликтерди басып алууга чакырган үндөр жазылган дискет угулуп, ал талкууга алынды.Дискетте оппозиция лидерлеринин үнүнө окшош үндөр жазылган экен. Жыйынга катышкан президент жана өкмөт башчы «Реформа үчүн» кыймылын конституциялык реформа эмес, күч менен бийликти басып алуу аракетин көздөөдө деп айыптап, эч кандай басып алууларга жол берилбешин билдиришти.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына «Реформа үчүн» кыймылга кирген депутаттар катышкан жок. Алар митингиде болушту. Бирок кырктын тегерегиндеги депутат чогулуп, шейшемби күндөгү жарыш сөздү улантууну чечти. Жыйынга президент, өкмөт толук курамы менен катышты. Анда сөз сүйлөгөн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров «Реформа үчүн» кыймыл бийликти басып алуу аракетин жасоодо деп, кыймылдын лидерлеринин сөзү жазылган дискетти угууга депутаттарды чакырды. Ошол замат эле дискеттеги үндүн кагазга түшүрүлгөн варианты таратылып берилди.

Жыйынга катышып отурган Курманбек Бакиев мамлекеттик төңкөрүш жасай турган күч жок экенин билдирди:

"Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга эч кандай күч жок. Бирок аракеттер бар. Ошондуктан мамлекеттик төңкөрүш жасалат деген коркунуч жок".

Ал эми өкмөт башчы Феликс Кулов эч кандай зордукчул аракеттерге жол берилбейт деп билдирди: "Бийлик бир кашык канга да турбайт. Ошондуктан айтаарым кимдир бирөө конституциялык жол менен бийликке келүүгө умтулса, андан эч кандай жамандык издөөнүн кереги жок. Бирок, эгерде режимдик обьектерди күч менен басып алуу, адамдарды уюштуруу аракеттери жасалып жатса, мен айтаарым аны токтоткула. Мыйзамдуу жол менен бийликке келүүгө болот".

Оппозиция лидерлеринин үнүнө окшош үндөр жазылган дискетте региондордо, райондордо бийликти басып алуу, жолдорду тосуу, Бишкек мэриясын жана мамлекеттик телерадиокомпанияны басып алуу пландары талкууланган. Расмий бийлик бул дискет тийиштүү органдар тарабынан иликтенүүгө тийиш деген пикирди билдирди.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлери алгач дискетти жалган, жасалма, бийликтин уюштурган чагымы катары баалашты. Бирок кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз үн жазууларды жасаган үчүн президент алдындагы мамлекеттик кайтаруу органына каршы кылмыш козгоону Башкы прокуратурадан талап кылаарын билдиргенин интернет маалымат каражаттары жазып чыкты.

Кыймылдын лидерлеринин бири Мелис Эшимканов болсо дискетте жазылгандар чын деп билдирди:

"Биринчиден, конституция боюнча депутатты эле эмес, катардагы атуулдарды жашыруун угууга тыю салынган. Мен каерде эмне айтам, ал менин ишим. Аны элге чыгаруу бет тырмарлык. Биз өзүбүздүн сөзүбүздөн баш тартпайбыз. Биз бардык кырдаалды талкуулап, эмне кылаарыбызды талкуулаганбыз. Жазылгандар туура".

Бийлик тарап, «Реформа үчүн» кыймыл конституциялык реформа эмес, күч менен бийликти басып алуу аракетин көздөөдө деп айыптап, далил катары дискеттеги жазууну көрсөтүудө. Парламент эми дүйшөмбү күнү жыйынга чогулууга тийиш. Ал күнү конституциянын жаңы долбоорун президент Жогорку Кеңештин кароосуна жолдоору белгиленген.

Айданбек Акмат уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG