Президент Курманбек Бакиев бүгүн парламентте ушинтип билдирди. Ал ошондой эле оппозициянын штабындагы кечээки чогулушта айтылган сөздөр жазылып алынган дискет парламентке маалымат үчүн сунушталды. Ушундай эле көз карашын билдирген премьер-министр Феликс Кулов Конституциялык түзүлүштүн жабыркашына бийлик жол бербейт деп билдирди.