Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

ОРУСИЯДА БИР ТОП ПАРТИЯЛАР ОППОЗИЦИЯЛЫК САЯСИЙ КҮЧ ТҮЗҮШТҮ


Орусияда үч саясий топ өлкөдөгү негизги өкмөттүк партия «Бирдиктүү Орусияга» атаандаштык түзүү үчүн биригишти. Бирок саясий аналитиктердин оюнда, аталган альянс Кремль тарабынан эле атайылап түзүлгөн жана анын максаты - өлкөдө солчул саясий күчтү калыптандыруу.

Жаңы түзүлгөн партия «Адилет Орусия» деп аталат. Анын курамына «Атамекен»(«Родина»),
«Пенсионерлер» жана «Жашоо» («Жизнь») партиялары кирди.

Бул өңдүү биригүү жөнүндө бир топ айдан бери эле сөз болуп келген, бирок өткөн ишембиде, 28-октябрда гана, партиялар өздөрүнүн биргелешкен конгрессин өткөрүп, өз максаттарына жетишкенин билдиришти.

Делегаттар «Жашоо» партиясынын жетекчиси, Орус парламентинин Жогорку Кеңешинин спикери Сергей Мироновду жаңы түзүлгөн «Адилет Орусиянын» тарагалыгына шайлашты. Миронов болсо «Адилет Орусияны» Кремлге ык алган «Бирдиктүү Орусияга» кескин оппозицияда турган «жаңы солчул саясий күч» деп атады. Айта кетели, «Бирдиктүү Орусия» ушу тапта орус парламентинин мыйзам чыгаруу палатасында, же Мамдумада жалпы 450 орундун 300дөн ашыгын ээлеп турат.

Эми түзүлгөн «Адилет Орусия» партиясы келерки жылы өтө турган парламенттик шайлоодо Мамдумадан көбүрөөк орун алып калганга далалат жасайт.

Көпчүлүк байкоочулар «Адилет Орусияны» өлкөдөгү солчул саясий күчтөрдүн ордун алмаштыруу үчүн түзүлгөн Кремлдин эле долбоору деп билишет.

Москвадагы «Панорама» борборунун жетекчиси Владимир Прибыловскийдин оюн угуп көрөлү.

- Бул – президенттин администрациясы тарабынан эле түзүлгөн партия. Ал солчулураак көз-караштагы электоратты ээлеп алышы керек. Эгерде азыркы «Бирдиктүү Орусияны» Путиндин оңчул партиясы деп билсек, эми «Адилет Орусия» Путиндин солчул партиясы болуп калчудай. Экөө биригип, Мамдумадагы баардык орундардын жарымынан көбүн, же, жок эле дегенде, үчтөн экисин ээлеши зарыл. Бул – башкы максат, - деп ойлойт Москвадагы «Панорама» борборунун аналитиги Владимир Прибыловский.

Таң калтырганы – Сергей Миронов жаңы түзүлгөн партия «Бирдиктүү Орусияга» оппозицияда турат деп айтканы менен, президент Владимир Путинди колдойт деп жатат. Мироновдун «Жашоо» партиясы, чынында, Кремлдин колдоосунан пайдаланып келатканы маалым, ал эми Миронов өзү болсо Путиндин жакын, ишенимдүү санаалаштарынын бири.

«Адилет Орусияга» кошулгандардын ичинде Путиндин саясатын жактырган Игорь Зотовдун «Пенсионерлер партиясы» да бар.

Ал эми үчүнчүсү – «Атамекен» партиясы – буга чейин өзүн улутчул саясий күч катары көрсөтүп келгендей болду эле. Саясий серепчилердин ишениминде, чын-чынында «Атамекенди» деле Кремль 2003-жылы Коммунистик партиянын электоратын өзүнө имерип алуу үчүн түзө койгон.

Кандай болгон күндө да, «Адилет Орусия» деп аталган жаңы партия түзүлдү, бирок ал өз максатына жетип, келерки жылкы шайлоодо башка солчул саясий күчтөрдүн добуштарын өзүнө каратып ала алабы?

- Москвадагы «Карнеги» борборунун саясий аналитиги Николай Петровдун оюнда, жаңы түзүлгөн партия өз максатына жетет. Жок эле дегенде, ал башка солчулдарды өздөрүнүн позициясын мындан да курчутуп, бийликке буга чейинкиден да катуураак сын менен чыгууга аргасыз кылат. Буга чейин деле, «Атамекен» менен «Пенсионерлер» партиялары эки башка партия катары иштеп атканда деле, коммунисттердин жана башка солчулдардын көпчүлүк добушун ээлеп келген, - деди «Карнеги» борборунун аналитиги Николай Петров.

Анткен менен анын айтымында, жаңы түзүлгөн «Адилет Орусия» партиясынын курамы түрдүү көз-караштагы саясий күчтөр менен түзүлгөндүктөн, алдыда партиянын өзүндө да ич-ара көптөгөн проблемалар болушу ажеп эмес.

Бирок, партиянын төрагасы Сергей Миронов «арканды алыска таштаганды» жактыра турганын билдирди: «Биз жалпы өлкөнү камтыганга аракет кылабыз. «Бирдиктүү Орусия» бизге карап, кичине кыйналсын», - дейт Миронов.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG