Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

12:00 Оппозиция: "Президент жолугушуунун форматын бир тараптуу бузду"


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев жолугушуунун форматын бузуп, саясий оппонентери менен сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратканы үчүн күнөөлүү, деп билдирди “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү Темир Сариев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, президент, премьер-министр, президенттин администрация башчысы менен аталган кыймылдан он төрт адам жолугуш мак болгон. Бирок бүгүнкү жолугушууга Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, Топчубек Тургуналиев, экс-спикерлер Медеткан Шеримкулов, Алтай Бөрүбаев жана башка ондон ашуун адамды бизге айтпай эле бийлик тарап чакырып коюптур, бийлик биз менен сүйлөшүүнү эмес, театр уюштурууну көздөгөн, деп билдиришти "Реформа үчүн" кыймылдын мүчөлөрү.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо оппозиция өз ара бир пикирге келе албай, жолугушуудан баш тартты, алардын мындай кадамы бийликти оңтойсуз абалга калтырды, деп билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG