Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНДА БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАРБЫ?


Кечээ 20- октябрда Жогорку Кеңештин “Жибек жолу” депутаттык тобу Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндөгү маселени талкуулаган тегерек үстөл өткөрдү. Анда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын абалы былтыркы 24-март окуясынан кийин деле жакшырып кетпегени айтылды.

“Пирамида” телерадио компаниясынын президенти Адылбек Бийназаров өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалына жана маалымат каражаттарынын инсанды калыптандыруудагы ролуна кеңири токтолуп, мурдакы жана учурдагы бийлик учурундагы ”Пирамида” телерадио компаниясына жасалган чоң кысымдар улантылып жатканын билдирди.

“Кыргыз руху” гезитинин башкы редактору Арстанбек Дүйшөнбаев гезитке жарыяланган сын макалаларга териккен мамлекеттик чиновниктер редакция жааматы турган имараттан чыгаруу аракеттерин көрүп жатышканын, ал түгүл “Кыргыз почтасы” мекемеси аркылуу гезитке жазылууну токтотуп салышканын айтты.

“Лица” гезитинин өкүлү Александр Кулинский өлкөдөгү мыйзамдык базанын чийкилигин белгилеп, учурда сөз эркиндигин ооздуктоо аракеттери тымызын жүрүп жатканын ашкереледи.

Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жок. Оппозициянын өкүлдөрү каалаганын айтып, эркин басылмаларда бийликти ачык сындап чыгып жатышат. Бирок, басма сөз эркиндиги мыйзамдын чегинде болушу шарт дейт Чолпонбек Абыкеев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун маалыматында “Агым” гезитине жарыяланган сын макалаларга чычалаган энергобарондор басма сөз эркиндигине, гезитке кысым жасап ар-кандай кутум, чагымдарды уюштуруп жатышыптыр.

Премьер-министрдин басма сөз кызматынын эксперти Болот Жумабаев өлкөдөгү маcсалык маалымат каражаттарына эч кандай кысым болбогонун, маалымат айдыңында гана түшүнбөстүктөр, кайчы пикирлер гана болуп жатканын кабарлады.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG