Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

ТЕРРОРЧУЛУК МЕНЕН КАРМАШТЫН БИРИНЧИ БЕШ ЖЫЛДЫГЫ ЭМНЕ БЕРДИ?


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Кошмо Штаттарында 2001-жылы 11-сентябрде курман болгондорду эскерүү каадасы өтөт. Кайгылуу каада жергиликтүү убакыт боюнча 8ден 46 мүнөт өткөндө бир мүнөткө тунжуроо менен башталат. Мындан беш жыл мурда дал ушул мөөнөттө террорчулар тартып алышкан жүргүнчүлөрдү тартчу учак Дүйнөлүк соода борборунун дубалын жиреп кирип барып жардыруу жасалган. Бул дүйшөмбүдө АКШ жана башка өлкөлөрдө ал жолку террордук актылардын курманы болгон 3 миңден ашуун кишилерди эскерүү каадалары өтөт. Ал жолу курман болгондордун баарынын аттары чакырылат.

«Ал Каида» даярдап кандуу жолго аттандырган жан кечкилер учак минип келип американын ири имарат, аскерий баш кенсесин жардыруу болгонго беш жыл толду. Дүйнөдө «террорчулук» деген түшүнүк кеңири таркады. Өнүккөн мамлекеттер аны менен күрөшүүсү уланып атат.

Маскөөдө бул күнү ыйык Екатерина чиркөөсүндө өткөн 2001-жылы 11-сентябрде курман болгондордун арбагына жаназа окуу маалында АКШнын Орусиядагы элчиси Уильям Бернс жер жүзүндө террорчулук өтө чоң коркунуч бойдон калып атканын эскертти:

«Бүгүн биз бир эле 2001-жылы 11-сентябрде курман болгондор эмес башка террордук актыларда да, айрыкча, Бесланда курман болгон кишилерди эскерүү үчүн чогулдук», - деди Америкалык элчи.

11-сентябрдеги кайгылуу окуядан бери беш жыл арасында дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгү колдоого алып ачылган «террорчулук менен күрөшүү», кыйла анализчилер баамында, кийинки учурда чийеленишип баратат. Орусия сыяктуу кайсы бир мамлекеттердин жеринен алакасы бар эл аралык террорчу тизмесине кирген уюмдарды канатынын алдына катуусу мунун бир себеби дешет. Палестин автономиясында шайлоодо жеңип чыккан Хамас кыймылын ушубакка колдоого алып келатышы буга күбө дешет. Үстүдө жылдын январында өткөрүлгөн маалымат жыйынында Владимир Путин Хамас боюнча Америкалык жана батыш европалыктарга караганда Москванын көз карашы башкача, деген болуучу.

«Труд» бүгүн жарык көргөн санында «11-сентябрде чыккан террордук актылар дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө таасири болду»,деп жазды. Адамдардан сурамжылоодо ага катышкандардын 56,3 пайызы ушундай пикир айтышкан.

XS
SM
MD
LG