Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

1-СЕНТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1640-жылдын 1-сентябрында Яков Тухачевский энесайлык кыргыздарга каршы жүрүш жасоо максатында Тарадан чыгып Томскиге багыт алган. 1894-жылдын бу күнү Жетисуу областынын аскер губернатордугуна Атаке волостунда өткөн шайлоо туурасында билдирүү жолдонгон.

1640-жылдын 1-сентябрында Яков Тухачевский энесайлык кыргыздарга каршы жүрүш жасоо максатында Тарадан чыгып Томскиге багыт алган. Мурда жетишилген келишимге ылайык, Томскиде 900 аскер топтолуп аны күтүп турмак. Бирок баштапкы сыноо көрсөткөндөй, Сибирдин ар кайсыл аймагынан жыйналган жоокерлердин кышкы кийими, курал-жарагы жана жетиштүү жылкылары жок экендиги маалым болду. Ошентип, орустардын энесайлык кыргыздарга мерчемделген чапкыны кийинки жылдын жай айына калтырылды.

1894-жылдын бу күнү Жетисуу областынын аскер губернатордугуна Атаке волостунда өткөн шайлоо туурасында билдирүү жолдонгон. Билдирүү Талаа генерал-губернатордугунан жазылып, анда болушту шайлоо маалында Жантайлар тарабынан каршылашкан жакка кысым көрсөтүлгөндүгү кабарланат.
Билдирүүдө маалымдалгандай Жантайдын тууганы Тезекбай Төлөгөнов Сарыбагыш волостунун № 1-айлында жашаган 53 түтүн үйдү Атаке волостуна жаздыртып мыйзамсыз болуштукка шайланган. Талаа генерал-губернатордугуна кайрылган кыргыздар кетирилген жаңылыштыкты белгилешип, аларды кайра Сарыбагыш волостуна кайтаруусун өтүнүшкөн.

1916-жылдын бу күнү Пржевальск шаарына орус аскерлеринин жаңы толуктоо күчү келди. Аскер старшинасы Бычков баштаган казак орустар көтөрүлүштү басыш үчүн Верныйдан чыгып, Пржевальскиге бир жумада жетип келишкен.

1916-жылдын бу күнү орус аскерлерине колго түшкөн Дүйшөкө Мамырбаевдин көрсөтмөсүнө караганда Бурана болуштугунан боз үйлөрдүн санына жараша жоокерлер чыгарылган. Болуштукта 340 түтүн жашагандыктан, жоокерлердин саны да 340 адам болгон. Жоокерлерге Сопубек Шаменов башчылык кылып, алардын колунда болгону - 30 мылтык, бир канча бардаңке жана милте мылтыктар, мындан тышкары, узун союлга кийгизилген темир найза, учу күйгүзүлүп учталган жыгач найза, узун союлга сапталган балталар менен куралданышкан.

1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүнү Тоңдон көчүп, Жаман эчкиге жетпей конушкан.

1916-жылдын 1-сентябрында Жетисуу аскер губернатору айрыкча жапа тарткан адамдарга жардам көрсөтүү үчүн 10 000 рубль бөлгөн. Мындан тышкаары, кыргыздардан тартылып алынган малды сатып, түшкөн акча каражатын талоонго учураган үйбүлөлөргө бөлүштүрүү маселеси каралган. Орус бийлиги караган жардам алчулар категориясына арийне, орус адамдары, алардын үй-жайы, кыштактары гана кирген.

2005-жылдын 1-сентябрында Феликс Куловдун премьер-министрге талапкердиги Жогорку Кеңеш тарабынан оң чечилди.

Бу күнү, 1581-жылы Ермак Сибирди басып алыш үчүн 900 чамалуу аскер топтоп, 1897-жылы Бостондо метро ачылып, 1904-жылы Санкт-Петербургда Телеграф Агенттиги ишке киришип, 1854-жылы немец композитору Энгельберт Хампердинк, 1951-жылы жазуучу Андрей Платонов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG