Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

БИР ГАНА ПАРТИЯНЫН КЕҢСЕСИНЕ БЕРИЛГЕН КИТЕП УУ-ДУУ КЕП ЖАРАТТЫ


Бакыт Орунбеков, Бишкек Президенттин басма сөз кызматынын демилгеси менен акыркы бир жарым жыл аралыгында Кыргызстандын эл чарбасындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган «Ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо!» китепчесинин бир канча нускасы "Эмгек жана биримдик" партиясына берилишин айрым өкмөттүк эмес уюмдар азыркы бийликтин бардык саясий партияларга бирдей мамиле кылбагандыгы катары баалап жиберишти. Аталган партия өкүлдөрү андай пикирлерди «Самаркандан саман учту» таризинде провокация катары кабыл аларын билдиришти.

Президент Бакиевдин ант берип расмий кызматына киришкенинин бир жылдыгынын алдында мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын демилгеси менен авторлор тобу Кыргызстанда акыркы бир жарым жыл аралындагы эл чарбасынын тармактарындагы өзгөрүүлөрдү камтыган «Ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо!» китепчесин жарыкка чыгарган.

Китеп колго тийгенде "Эмгек жана биримдик" партиясынын басма сөз кызматы сөз болуп жаткан китепченин авторлугу президент Бакиевге таандык, партияга бир нече нускадагы китепче белекке берилди, деген билдирүү таркаткан.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов жарык көргөн басылма мамлекеттин каражатына чыгып жаткандан кийин, жалпы элге,- мамлекеттикпи, мамлекеттик эмеспи - бардык уюмдарга бирдей деңгээлде таркатылышы керек болучу. Эмгек жана биримдик партиясына китепчени белекке берүү расмий бийликтин кайсы бир саясий уюмдарга жан тартуучулугу жана мыйзамсыз көрүнүш катары эсептерин айтат:

- Мамлекттик каражатка чыгып жаткан китепче жалпы элге, бардык партияларга, уюмдарга таратылбастан, түздөн-түз бир саясий партияга берилип жатышы мыйзамга каршы келет, - дейт Эдил Байсалов.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев бул күндөрү аталган басылма республикадагы мамлекеттик мекеме-ишканаларга, айыл өкмөттөргө, мектептерге, өкмөттүк эмес уюмдарга бирдей таркатылып жаткандыгын маалымдады. Азыркы бийлик кайсы бир саясий уюмдарга, анын ичинде "Эмгек жана биримдик" партиясына жан тартуучулук менен мамиле кылып жатат деген айыптоолор суу кечпей тургандыгын билдирди:

- Кыргыз Республикасынын президенти эч бир партияга кирбейт. Анын кызматы боюнча кайсы бир партияга жан тартууга мыйзам боюнча уруксат жок. Ошондуктан айрым бейөкмөт уюмдарынын билдирүүлөрү туура эмес, - дейт Досалы Эсеналиев.

"Эмгек жана биримдик" партиясынын басма сөз катчысы Александр Иванов партиянын кеңсеси «Ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо!» китепчесинен алты нуска алганын, китепче сыртында президент Бакиевдин сүрөтү тургандыктан, авторлору көрсөтүлбөгөндүктөн мамлекет башчынын эмгеги катары эсептегендигин жашырбайт. Кечээ ал кемчилиги үчүн өлкө башчысынан кечирим сурагандыгын да кошумчалады. Ал эми бейөкмөт уюмдун жетекчиси Байсаловдун билдирүүсү кайсы бир деңгээлде провокация катары бааларын айтты:

- Биз саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иштеп жатабыз. Конституцияда партиянын кызыкчылыгын мамлекеттик органдардын иши менен аралаштырууга тыю салынган. Биз мыйзамдын чегинде гана мамлекеттик уюмдар менен кызматташабыз, бирок Байсалов айткандай аларды өз кызыкчылыгыбызга пайдаланган эмесбиз. Байсаловдун билдирүүсү партиянын аброюна шек келтирет, ошондуктан биз коргоого даярбыз,- дейт Александр Иванов.

XS
SM
MD
LG