Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

ФИДЕЛЬ КАСТРО СЕКСЕНГЕ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 13-августта Кубанын жетекчиси Фидель Кастро 80 жашка чыкты. Бирок мааракени белгилөө декабрга калтырылды.

Июлдун аягында команданте Кастро ооруп, анын ичегисине операция жасалгандыктан, ал азырынча ооруканада, ошондуктан анын мааракесин белгилөө салтанаттары декабрга калтырылды. Анткен менен, мисал үчүн, Венесуэланын президенти Уго Чавес атайын Кубага учуп келип, Кастрону куттуктады. Фидель Кастро ооруп жаткандан бери аны Чавес - биринчи көргөн чет өлкөлүк жетекчи болду. Чавес Кастрого - XIX-кылымдагы атактуу латин америкалык революциячы Симон Боливардын канжарын жана ал кофе ичкен чөйчөгүн белек кылып берди.

Андан тышкары Кастрого Орусия менен Ирандын президенттери Владимир Путин жана Махмуд Ахмадинежад куттуктоо жиберишти. Боливиянын президенти Эво Моралес болсо өз куттуктоосунда Кастрону тынчтыктын символу деп атады:

"Фидель - адамзатты коргоонун, өмүрдүн өзүнүн, биримдиктин, теңчиликтин символу. Че Гевара сыяктуу, ал жаштарды шыктандырат. Биримдик же теңчилик жөнүндө, саламаттык сактоо же билим берүү жөнүндө сөз кылганда, дароо Фидель эске түшөт", - дейт Боливия президенти.

Кастро 1959-жылдан бери, демек 47 жылдан ашык бийликте болду. Акыркы мезгилге чейин ал Кубанын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, Министрлер кеңешинин жана Мамлекеттик кеңештин төрагасы, өлкөнүн Революциялык күчтөрүнүн башчысы болчу, бирок ооруп жыгылгандан кийин бийликти ыктыярдуу түрдө өз иниси Рауль Кастрого убактылуу өткөрүп берди. Рауль анын орун басары болчу жана ал дагы Кубадагы революцияга башынан тартып катышкан. Айрым адамдар - мисал үчүн, Че Геваранын кызы Алейда Гевара - Кастро кайрадан мамлекеттик кызматка кайтып келет деген ишенимде.

Фидель Кастро Рус 1926-жылы бай адамдын үч-бүлөсүндө туулган. 1949-жылы Гавана университетинин укук факультетин бүтүргөн жана кийин аспирантурада окуп, диссертация жактаган. Окуп жүргөн кезинде Кубанын студенттер федерациясын жетектеген, ошол эле мезгилде, 1947-жылы, Доминикан жумуриятына барып, диктатор Трухильону бийликтен кулатуу козголоңуна катышкан, бирок ал аракеттер ишке ашпай калгандан кийин деңиз аркылуу Кубага сүзүп качып кеткен.

Кийин Кубанын элдик партиясына кирип, ал партиянын атынан 1952-жылы депутаттыкка көрсөтүлгөн, бирок ошол эле жылдын 10-мартында бийликке Рубен Фульхенсио Батиста келгенден кийин шайлоо болбой калган. Батистанын диктатурасын бийликтен кетирүү максатында Кастро жашыруун уюм түзгөн жана 1953-жылдын 26-июлунда козголоң уюштурган. Натыйжада камакка алынып, 15 жылга эркинен ажыратылууга кесилген, бирок 1955-жылдын май айында мунапыс алып, Мексикага качкан.

Ал жакта дагы куралдуу топ түзүп, Кастро 1956-жылдын 2-декабрында 82 жоокер менен Кубага кайтып келген жана эки жыл бою партизандык күрөш жүргүзүп, 1959-жылдын 1-январында төңкөрүш аркылуу Батистаны бийликтен кулаткан.

XS
SM
MD
LG