Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

ШКУнун САММИТИН КЫРГЫЗСТАН ТАТЫКТУУ ТОСО АЛАБЫ?


Келерки жылы Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага даярдыктарды көрүү багытында уюштуруу комитетинин алгачкы кеңешмеси 11-августта президент Курманбек Бакиевдин жетекчилиги менен болду. Айрым байкоочулар кыргыз бийлиги саммитти эларалык мыкты деңгээлде өткөрө албай калышы мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда.

Жыйында президент Курманбек Бакиев Шанхай кызматташтык уюму аймакта туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга кепил боло турган уюм экенин билдирди. Ал ошондой эле Ооганстандагы абал, согушчан топтордун, диний экстремистик уюмдардын аракети, жакында өлкөнүн түштүк аймагындагы окуялар аймактын коопсуздугуна коркунуч келтирерин белгиледи.

- Биз уюмдун секретариатынын, аймактык террорчулукка каршы структурасынын ишмердүүлүгүн арттырышыбыз керек. Аймакта экономикалык өнүгүү коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу болот.

Бакиев ошондой эле аталган уюмдун алдыда натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууcунун жаңы доору башталарын айтты. Ал келерки жылы Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитин жогорку деңгээлде өткөрүү маселесин койду.

-Кыргызстан ШКУга төрагалык кылуучу мамлекет катары 2007-жылы өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин ийгиликтүү өткөрүш үчүн жоопкерчилик менен бардык даярдыкты көрүүсү зарыл. Бул биздин жалпы улуттук милдетибиз болуп саналат.

Бакиев уюштуруу комитетинин алдында келерки жылы саммитке келүүчү даражалуу конокторду тосууда улуттук үрп адат, каада салттар менен жогорку деңгээлде тосуу милдети турарын баса белгиледи.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин көз карашында, Шанхай кызматташтык уюмунун келечеги кең. Уюмдун аркасы менен коңшу мамлекеттердин соода-сатык алакасы жакшырып, экономиканын өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ал эми «ШКУнун саммитти өткөрүүгө бөлгөн акчаларын туура пайдаланып, кыргызча «чык агызып» өтө эле шаан-шөкөттөтүп, бюджеттен акча коротпой алдыдагы саммитти эл аралык жогорку деңгээлде өткөрүүгө, кыргыз бийлигинин чамасы жетер бекен»,-деп күмөн санаганын жашырган жок экономика илиминин доктору:

- Биздин чоңдорубуз өздөрүн цивилизованный алып жүргөндү билишпейт экен. Мындайча айтканда Азиалык чыгымчылдык деп коет. Же, жапайычылыгыбызды көрсөтөбүз да. Өзгөчө шаан-шөкөттөр менен тосуу, көчөлөрдү жаап адамдарды өткөрбөй ыгы жок жасакерленүү жапайычылыктын белгиси,- деди Айылчы Сарыбаев.

Үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Саммитти өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагалыгына президенттин администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев, орун басарлыгына биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов дайындалды.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG