Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

КАЙСЫЛ САБАК КАНЧА СОМ?, МЕКТЕПТЕН МЕЧИТ КӨП


19-июль,(2006-ж) күнү жарыкка чыккан “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити буга чейин эл оозунда айтылып келаткан бир кызык фактыны ачыкка алып чыкты. Гезит Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы коррупциянын, тагыраак айтсак, студенттердин мугалимдер үчүн мыйзамдаштырылбаган кызмат көрсөтүү акыларынын өлчөмүн жазат. Маселен, ушу кезде кайсыл сабак канча сомдон турат? Гезит минтет: физкультура сабагы-800 сом, кыргыз тили-600 сомдон 1000 сомго чейин, чет тили-70 доллар, зачет- 800 дөн 1500 долларга чейин, экзамен- 1000ден 3000 сомго чейин, деканат тарабынан өтө турган бардык экзамендер-800дөн 1200 долларга чейин. Мындай баа сатып алуу акылары даражасына, деңгээлине жараша тигил же бул окуу жайларында ар кандай өлчөмдө болорун жазат “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити.

Ошентип, Кыргызстанда билим алып жаткан ар бир улан же кыз азыркы күндө китеп окуу менен эмес жалаң гана экзамен-зачетко акча издөө менен гана алектенип калган.

Бул күнкү “Энесай” аттуу гезитте “Диний уюмдардын ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынат” деген макалада өкмөткө караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Ө.Мамаюсуповдун ( “Азаттыктын” окурмандарына эскертүү, ушул күнү басылып чыккан “Слово Кыргызстана” гезитинде МАМАЮСУПОВ Өмүрзак берген арызы боюнча кызматтан бошотулгандыгы тууралуу президенттин буйругу чыкты) маалыматын келтирген. Ага таянсак 90-жылы Кыргызстанда 39 мечит, 20га жакын чиркөө, 5-6 гана диний агымдар болсо, азыркы күндө 2000ден ашуун мечит, христиандардын 300дөй чиркөөсү же чокунуучу жайлары, ислам жана христиан дининде 55тей окуу жайлары бар.

Айыл-кыштак жерлериндеги асман тирген мечиттер эң кымбат акчаларга курулганын дароо эле байкоого болот, бирок ошол эле айыл-кыштактарда мектептердин көрүнүшү жан кейий турган абалда.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG