Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ : БАРДЫГЫН ШАЙЛООЧУЛАРГА ТҮРТӨ САЛЫШ ЖООПКЕРСИЗ ЧЕЧИМ БОЛГОН


Кубанычбек Жолдошев, Ош Куршаб шайлоо округундагы кырдаал курч боюнча кала берүүдө. Түзбел шайлоо участкасындагы кайра добуш берүүдө эки талапкердин жактоочуларынын ортосундагы араздашуудан соң бул аймакта депутаттык мандаттын ээси ким болушу кайрадан белгисиз бойдон калууда. Чыңалган кырдаалды жөнгө салуунун чаралары боюнча президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү жана Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Жантөрө мырза, талапкерлер Орозбаев менен Кадыралиевдин жактоочуларынын ортосунда чыккан араздашуунун негизги себептерин эмнелерден көрөсүз?

- Негизги себеби эле депутаттык мандатты алыш үчүн ар бир талапкер өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай нерсеге барып, элди көтөрүп атышат. Мандатты алыш үчүн, ар бир добушту контролго алыш үчүн туугандарын, жек-жаатын, досторун чакыруунун негизинен келген чыр-чатак деп ойлойм.

- Ушул эле Куршаб шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча округдук шайлоо комиссиясы чечим чыгарса, Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи, 1-Май соту үчүнчү, Жогорку сот төртүнчү чечимди чыгарып атат. Бир эле маселе боюнча ушундай төрт түрдүү чечим чыгарылышын кандай деп баалайсыз?

- Борбордук шайлоо комиссиясы дагы, ошол эле 1-Май райондук соту дагы, Жогорку сот дагы бул жерде өздөрүнүн оюн так айтыш керек болчу, кайсы жерде эмне бузулду, эмне үчүн ушундай чечимге келди? Кайрадан бардыгын шайлоочуларга түртө салыш бул биринчиден, ошол чечим кабыл алып аткан жетекчилердин өзүнүн алдындагы жоопкерсиздиги. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин так алып барыш керек эле.

- Кайра добуш берүү үзгүлтүккө учурап, ошол учурда массалык башаламандыктар болуп кетиптир. Ушундай нерселер кайрадан кайталанбаш үчүн тиешелүү айыптуу адамдар жазасын алат деп ишенсе болобу?

- Мен өзүм бүгүн укук коргоо органдарына өздөрү берген маалыматтын негизинде мындай тартип бузууларды ким гана жасабасын, ал сөзсүз түрдө мыйзамдын алдына жооп берүүсүнө талап коем, көзөмөлгө да алам жана бардык жерде өзүмдүн оюмду айтам башка жерде экинчи мындай нерсе болбосун үчүн.

- Учурда кырдаал дагы деле оор бойдон турат деп айтып атышат. Кырдаалды аягына чейин жөнгө салуу үчүн сиздер тараптан кандай чара көрүлүшү мүмкүн?

- Биз тараптан эч кандай чара көрүлбөйт. Бул жерде макулдашуу комиссиясы болду. Ошол жерде эки талапкер тең, борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, биздин атыбыздан дагы жергиликтүү бийлик, райондун акими кол коюшту. Бул Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот жана Жогорку Кеңеш гана чече турган маселе.

- Демек, бул маселеге акыркы чекитти Жогорку Кеңеш коет?

- Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн позициясын так аныктап, шайлоонун негизинде жыйынтыктап, анан Жогорку Кеңешке сунуштайт, Жогорку соттун чечимине кошот. Ошондо гана Жогорку Кеңеш өзүнүн так чечимин чыгарат.

- Массалык башаламандыктан жабыркаган адамдардын саны тууралуу так маалымат болбой атат. Ушул жөнүндө маалыматка эгедерсизби?

- Менин маалыматым боюнча эки тараптан он жети жаран ар кандай жаракаттарды алган, укук коргоо органдарынын милицияларынын катарында онго жакын жабыр тарткандар бар. Алар боюнча иш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG