Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ КҮЗГӨ КОТОРУЛДУ


Кубатбек Чекиров, Бишкек Конституциялык долбоорлорду иштеп бүтүрүү зарылдыгына байланыштуу оппозиция элдик курултайды күзгө которду. Бул жөнүндө бүгүн «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда конституциянын долбоорлорун иштеп чыгуу биринчи маанилүү маселе болуп саналат. Бирок, президент администрациясына тапшырылган баш мыйзам долбоорлору аликүнчө орусчага которулбай, иш создугууда. Бекназаровдун баамында, Президенттин чөйрөсү жумушчу топ иштеп чыккан конституция долбоорлорун жактырбай, конституциялык реформаны артка тартып жатат.

Негизги иш-аракет азыркы учурда конституциянын долбоорлорун иштеп чыгууга жумшалып аткандыктан оппозиция элдик курултайды күзгө, сентябрдын биринчи жарымына которду. Мындай чечимди «Асаба», «Эрк» партиялары жана «Реформа үчүн» кыймылы кеңешип туруп кабыл алышты. Күзгө чейин ар бир областта элдик курултайды даярдоо боюнча атайын координаторлор иш алып бармакчы.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, элдик курултайдын өтө турган жери, ага даярдык көрө турган координаторлордун баардыгы жашыруун сакталмакчы. Анткени, координаторлордун аты-аты жөнү дайын болор замат эле бийлик тарабынан аларга куугунтук башталат.

Күзүндө элдик курултайда оппозиция бир гана маселени, азыркы бийликтин тагдырын таразага коет: «Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына саясий баа берилет»,-деди Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров бир эле учурда конституциялык реформага президент чөйрөсүнөн жасалып аткан тоскоолдуктар жөнүндө дагы эскерте кетти. Азыркы учурда башкаруунун бардык үч формасы боюнча жазылган конституциянын долбоорлору президенттик администрацияга берилген бойдон орусчага которулбай, элге таратылбай иш токтоп турат. Мунун себеби, Азимбек Бекназаровдун айтымында, жумушчу топ даярдап келген конституция долбоорлорун Президент чөйрөсү жактырбай жаткандыгында.

Президент К. Бакиев Конституциянын башкаруу формалары боюнча долбоорлорун даярдоо үчүн жумушчу топ түзүп, ага Азимбек Бекназаровду жетекчи кылган. Жумушчу топ конституция долбоорлорун биринчи жолу кыргыз тилинде жазып чыгып, аны Президенттин администрациясына тапшырган. Мамлекет башчынын администрациясы өз кезегинде конституция долбоорлорун даярдап бүткөрүү боюнча иш токтобой жүрүп аткандыгын белгилейт.

- Документ иштелип чыккан менен азыркы учурда ал техникалык тактоодон өтүп жатат. Ал жерде грамматикалык ката көп, стилистикалык ката көп. Азыр аны лингвист адистер окуп жатышат. Андан кийин орусчага которулат. Иш көп, ошондуктан үлгүрбөй жатабыз. Президент жумушчу топ менен жолугушкан учурда бул ишти ыкчамдатуу зарылдыгын белгилеген, - деди Президент администрациясынын укук бөлүмүнүн эксперти Махамаджан Иминов.

Конституциялык реформа оппозиция президент Бакиевге коюп жаткан талаптардын эң маанилүүсү. «Реформа үчүн» кыймылы конституциялык реформа жүргүзүүгө барбай созуп жаткандыгы үчүн элге берген убадасын аткарбай жатат деп президентке маал-маалы менен чабуулга өтүп келет. Президент өз кезегинде конституциялык реформаны шашпай өткөрүүгө чакырып келатат. Саясий күчтөрдүн ортосундагы негизги талаш-тартыш Кыргызстан кандай мамлекеттик башкарууга өтөт деген маселеден чыгууда. Ошондуктан, эгер конституциялык кеңешме бир чечимге келе албаса, анда Президент талаш маселени ушул жылдын төртүнчү чейрегинде элдик референдумга алып чыкмакчы болууда.

XS
SM
MD
LG