Шаркеттин мамлекет жана өкмөт башчылары былтыр француздар жана голландиялыктар тарабынан четке кагылган конституция 2009-жылга чейин калтырылат деп чечишти.
Биримдиктн учурдагы төрагасы, Австриянын канцлери Волфганг Шуссел лидерлер мындан аркы кадам жөнүндө бир пикирге келе алышкан жок деп билдирди.
Еврошаркеттин кеңейүүсүн жеңилдетет деп болжолдонгон документ, тескерисинче, ал процессти татаалдаштырат көрүнөт.
"Институциялык реформага “жок” деген кезде кеңейген Европага “ооба” дей албайбыз. Евробиримдиктин эффективдүү болушу үчүн институттарыбызды реформалап, аларды демократиялаштыруу иштерин жүргүзүшүбүз керек", - деди Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо.
Румыния менен Болгарияны уюмга кабыл алуу 2008-жылдын 1-январына пландалган. Демек, сөз негизинен Чыгыш Балкан мамлекеттери жөнүндө жүрүүдө. Алардын кошулуу ыктымалдыгы тууралуу шаркеттин 2003-жылы өткөн саммитинде кеп кылынган.
Баррозонун ырастоосунда, конституция 25 мамлекеттин башын бириктирген уюмдун ырааттуу иштешин камсыздоону көздөгөн. Баш мыйзам бекитиле элек кезде жаңы өлкөлөрдү кабыл алуу проблеманы андан ары тереңдетиши мүмкүн.
Европалык дипломаттар саммитте үстөмдүк кылган маселе Франция тарабынан козголгон дешүүдө. Француздардын басымдуу көпчүлүгү 2004-жылы жаңы 10 мүчөнү кошуп алуу ката болгон деп эсептешет.
Жыйын кеңейүү процесси шаркеттин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу кубатын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш деген тыянакка келди.
Еврокомиссия күзүндө шаркеттин бул багыттагы стратегиясын аныктаган документ даярдамай болду.
Комиссиянын төрагасы Баррозо буга карабай биримдик интеграциясын улантышы керек деп белгиледи. Айрым мамлекеттердин өкүлдөрү болсо конституциясыз андай кадамдар легитимдүү эмес болуп калат деп талашышты.