Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын эң эле кадыр-барктуу деп аталган “HAS III” сүрөт галереясынын миңдеген көрүүчүлөрү ушул күндөрү кыргыз элинин Манасы менен сүрөт аркылуу таанышып жатышат. Анткени бул жерде кыргыз сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин жеке сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ал жөнүндө сүрөтчүнүн өзү мындай деди:
- Менин сүрөт көргөзмөмдү “Дэниэл” аттуу маданиятты колдоо фонду уюштурду. Түштүк Кореяда ачылган сүрөт көргөзмөгө менин көп жылдардан берки иштеп келаткан “Манас тамга” эмгегимден айрым бир бөлүктөрүн жана жаңы жазылган “Алтын Пирамида” аттуу сүрөтүмдү алып бардым. Буюрса, көрүүчүлөрдүн кабыл алуусу жакшы.
Таланттуу кыргыз сүрөтчүсүнүн Кореянын Сеул шаарында 26-майда ачылган сүрөт көргөзмөсү 6-июлда аяктайт.
Юристанбек Шыгаев – Кыргыз эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Сүрөт көргөзмөлөрү АКШ, Түркия, Франция, Германияда ачылган.
Көргөзмөсү Түштүк Кореяда ачылып жаткан алгачкы кыргыз сүрөтчүсү болуп эсептелет.