Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:12

АТАЙЫН ЕВРОАЗИЯ ФУТБОЛ ЖУМАЛЫГЫ


3-майда Бишкекте интеллектуалдык жактан чектелген улан- кыздардын, атуулдардын арасында алтынчы Евразия футбол жумалыгынын мелдештери башталды.Евроазиялык футбол жумалыгын өткөрүү алты жылдан бери салтка айланып, ар жылы уюштурулуп, кучагын кеңири жайылтууда.

Бишкектеги футбол жумалыгы эртең менен Жеңиш аянтындагы түбөлүк оттон факел тутантып, эстафеталык жүрүш менен башталды. Бишкектин көчөлөрү менен факелди көтөргөн акыл-эсинин өнүгүүсү начар спортчу, Кыргыз дене тарбия академиясынын студенти жана ички иштер министрлигинин кызматкери 10 этап менен эстафеталык жүрүш аркылуу олимпиадалык отту Кыргыз дене тарбия академиясынын манежине жеткиришти. Эстафеталык жүрүшкө атайын адистешкен жатак мектептердин, адаптация жана калыбына келтирүү борборлорунун, көмөкчү мектептердин окуучулары катышышты.

Евроазия футбол жумалыгынын алкагындагы атайын оюндардын ачылыш аземинде өлкөнүн "Специал олимпикс" уюмунун президенти Канат Мамбеталиев мындай балдарга камкордук көрүп, аларды коомдук турмуштан алыстатпай, социалдык жактан коргоп, акыл-эсинин өсүшүнө өбөлгө болуунун зарылдыгын белгиледи. Ал өлкөдө футбол, волейбол, баскетбол теннис жеңил жана оор атлетика, бадминтон спортуна көңүл бурулуп, эл аралык мелдештерде байге уткан спортчулар бардыгын баса белгилеп, алдыдагы мелдештер тууралуу айтты.

- Сүрөт конкурсу болуп жатат. Фламинго эс алуу жайына барып биздин балдар эс алат. План боюнча сентябрда биз Римде Бүткүл дүйнөлүк олимпиадага катышабыз. Андай кийин ноябрь, декабрда баскетбол жумасы болот. дейт Канат Мамбеталиев.

Эстафеталык жарышка өзү да катышып, факелди көтөрүп келген өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов бул демилгени колдоо керектигин белгиледи.

- Акыл-эси жагынан өнүгүүсү начар балдар сезиш керек булар да өкмөткө керек экенин. Мен Кыргызстандын атуулумун деген сезимди ойготуш керек. Өкмөткө да керек экенин сездириш керек. Булар да элден калбай, спорттук мелдештерге катышышы керек. Ушуну үлгү катары көрсөттүк,- деди Мурат Саралинов.

Интеллектуалдык жактан чектелген атуулдардын спорттук уюму Эл аралык специал олимпикс комитети АКШнын мурдагы президенти Жон Кеннединин карындашы Юнис Кеннеди Шрайвердин демилгеси менен 1968-жылы негизделген. Учурда бул уюмга 150 өлкө мүчө болуп саналат.

Кыргызстандагы “Специал олимпикс” уюму 3 миңден ашуун өспүрүмдү ден соолукка, спортко багыттап келет. Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын оюндарынын чемпиону Самат Буваевдун айтымында мындай оюн ар дайым болуп турса, абдан жакшы болот эле. Дагы план түзүп жатышат кийинки жылга.

Евроазия футбол жумалыгына 23 команда, 500дөн ашык улан-кыздар катышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG