Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:15

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: “ПРЕЗИДЕНТТИН ОППОЗИЦИЯГА КҮЧ КОЛДОНУУГА МОРАЛДЫК ДА, САЯСИЙ ДА УКУГУ ЖОК”


Аманбек Жапаров,Бишкек 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында экс-спикер Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиевдин 29-апрелдеги митингде чыр-чатак чыкса анда анын уюштуруучулары жазаланат деп айтканына карата өз пикирин билдирди. “Президенттин минтип айтышына анын моралдык дагы, саясий дагы укугу жок” деп кесе айтты Өмүрбек Текебаев.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда экс-төрага Өмүрбек Текебаев Бакиевдин оппозицияны эскерткен сөзүн «Ормон опуза» катары баалады. «Бул - Бакиевдин Конституцияны, мыйзамдарды, өзүнүн милдеттерин так билбегенинен кабар берет», деди Текебаев президентти сынга алып:

- Президенттин элге күч колдонууга моралдык укугу жок. Саясий да укугу жок. Башка адамдар (күч) колдонсо болот, бирок Бакиевден мындай сөз чыкпашы керек. Анткени ал баскынчылыктын, талап тоноонун, зордуктун атасы болуп, бүгүнкү күнгө дейре аларды калкалап жүрөт.

Өмүрбек Текебаевдин көз карашында мыйзамдуулук, тартип орносун деген Жогорку Кеңештин бир нече токтомун президент Бакиев көзгө илбей келди, тескерисинче, ал ар кандай билдирүүлөрдү жасап келатканы - акылга сыйбаган иш.

Шаршембиде маалымат жыйынын өткөргөн Курманбек Бакиев оппозицияны күнөөлөп, эгерде 29-апрелде чыр-чатак чыгып кетсе же Өкмөт үйүнө күч менен кирүүгө аракет жасалса аларга каршы күч колдонулуп, уюштуруучулары жоопко тартылат деген эле:

- Эгерде кимдир бирөө аракет кылса катуу сокку жейт. Катуу сокку жейт. А мунун башында турган Текебаев, Байболов, Сариев, Эшимкановдор жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Эгерде чоң чыр чыгып кетсе, анда аларды жоопкерчиликке тартабыз.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги отурумунда Куловдун катышуусу менен негизинен өкмөттүн отчету талкууланды. Бирок 29-апрелде өтүүчү митинг учурунда кимдир-бирөөлөр баш аламандык уюштурушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Депутат Кубатбек Байболов мына ушул маселе боюнча Феликс Куловдун өзүнө кайрылды.

- Маселен, милициянын жогорку деңгээлдеги чиновниктери бир топ милиция кызматкерлерине чөнтөгүңөргө таш салып келгиле деген чечимди талкуулап атышат. Туура, бул боюнча али бир жактуу чечим кабыл алына элек. Бирок милициянын биринчи жетекчилеринен ушундай сунуштар чыгып атат да. Демек, чагымчылар кимдер? Милиция органдары. Ушулар даярдап атат чагым чыгарууну. Феликс Кулов, мен сизден суранам - ички иштер министринин аракетине көңүл буруңуз.

Кубатбек Байболов ошондой эле өкмөттүк маалымат каражаттары аркылуу оппозициячыл сасатчылардын дарегине коркутуулар айтылып жатканын, жооптуу жетекчилер, акимдер мамлекеттик ишканалардагыларды митингге чыксаңар чара колдонобуз, деп опузалай баштаганын маалымдады.

Айрым депутаттар 29-апрелдеги митингди төрт-беш депутат эле өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн өткөрүп атат, дешти эле, депутат Каныбек Иманалиев алдыдагы митингдин талабын эске салды.

- Митингде талап кылынуучу он пунктту карасаңар. Бийликти, мамлекетти реформа кылуу үчүн өзүңөр токтом кабыл албадыңыздар беле. Үсөн Сыдыков менен Таштемир Айтбаевди кызматтан кетирүү үчүн добуш бербедиңиздер беле. Криминал менен күрөшөлү деп өзүңүздөр бийлик төбөлдөрүн үч жолу чакыртпадыңар беле. Ошол талаптар аткарылбагандыгы үчүн митинг болуп атат. Митингде Текебаевдин, Сариевдин же Байболовдун жеке кызыкчылыгы жок.Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болуп атат.

Иманалиев митинг тынч өтүшү үчүн өкмөт мүчөлөрүн митингди уюшутуруучулардын штабы менен биргелешип иш алып баруусун сунуштады. Бирок өкмөт тарабынан ага эч кандай жооп болгон жок.

XS
SM
MD
LG