Талкууга катышкандар Борборазияда экономикалык кескин өсүштөр үчүн глобалдык шарттар түзүлгөнүн,эми аймактын өзүндө активдүү кызматташтык зарыл болуп жатканын белгилешти, деп айтылат Жулио Корвиндин Вашингтондон жөнөткөн кабарында.
Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү Брент Дарктын мүнөздөгөнүнө караганда,региондо бизнес климаты жакшырып баратат,бирок ойдогудай деп айткандан али алыс. Автокирекечтер менен соодагерлер күн сайын жол тоскунуна туш болушат. Майда бизнес өкүлдөрү жаңы рынок экономикасынын шартында бар күчүн үрөп, алда-жалдалап иштешүүдө. Жадакалса саякатка виза алуу сыяктуу жөнөкөй маселе деле көп учурда арбын убакыт алган жана кымбатка турган ишке айланды.
Ошол эле учурда Дарк региондо экономикалык өсүштөрдүн көрөңгөсү күчтүү экенин да белгиледи. Баарыдан мурда – региондун географиялык абалы Борборазиянын башкы артыкчылыгына кирет. Кытай,Индия жана Россия сыяктуу ыкчам өнүгүп бараткан рыноктордун жууктугун, алардын энергияга өзгөчө муктаждыгын, Ооганстан аркылуу деңизге чыгуу мүмкүндүгүн эске алганда регион өзүнүн стратегиялык бул абалынын үзүрүн көрүүгө тийиш. Дүйнөлүк экономикалык чөйрөнүн оңтойлуу орою өзгөрбөсө, региондогу өкмөттөр экономикалык зарыл реформаларды илгерилете алса, анда жан башына алып эсептеген кирешенин көлөмүн 2015-жылга чейин эки эсе жогорулатса, калк арасындагы жакырлардын катмарын 40 проценттен 25 процентке төмөндөтсө болот эле. Муну Азия өнүктүрүү банкынын эсептери көрсөттү. Банк товардык экспорт,айрыкча мунай менен газдын соодасы аймактагы экономикалык өсүштүн түпкү негизин түзөт деп эсептейт.
Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы 1997-жылы Борборазиялык регионалдык экономикалык кызматташтык программасын түзгөнгө демөөрчү болгон эле. Программага региондогу тогуз өлкө,анын ичинде Кытай,Россия мүчө болгон, эл аралык финансылык алты мекеме - дүйнөлүк банк, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы,эл аралык валюта кору,Ислам өнүктүрүү банкы, Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы- тартылган. Алдыдагы эки жылда ушу программанын алкагында аймактагы транспорт,энергетика жана соода тармагына 1,5 миллиард доллардан ашуун инвестиция тартуу каралып жатат.
Деген менен аймактагы экономикалык кызматташтыкты тышкы эле эмес, ички факторлор да аныктоого тийиш. Бу жагынан Казакстандын Вашингтондогу элчилигинин өкүлү Майнура Мурзамадиева, мисалы,аймактагы өз ара алыш-беришти өнүктүрүү зарылдыгына токтолду. 1999-2004-жылдары Казакстандын коңшулаш өлкөлөр менен соода-сатыгы үч эсе өстү. Былтыркы жылга чейин казак өкмөтү жарнакташкан үлүш менен Кыргызстанда –122,Өзбекстанда - 110,Тажикстанда - 30 отуз,Түркмөнстанда - 12 ишкана түздү. Казакстан эми, Мурзамадиеванын айтымында, Ооганстандагы кайра куруу иштерине катышканга,айрыкча анын түндүк аймактарындагы мунай кендерин өздөштүрүүдө активдүү жардамдашканга даяр.