Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

ИЗРАИЛДЕГИ ШАЙЛООДО ШАРОНДУН ПЛАНЫ СЫНООДОН ӨТӨТ


28-март күнү Израилде парламенттик шайлоо өтөт. Бул - январдын башынан бери эс-учуна келбей комада жаткан премьер-министр Ариэль Шарон түзгөн “Алга” партиясы үчүн алгачкы сыноо болмокчу. Өкмөт башчынын милдетин аркалап жаткан Эхуд Ольмерт шайлоодо Шарондун палестиндерден бир тараптуу бөлүнүү саясаты сыноодон өтөөрүн айтат. Ольмерт өзү шайлоодо жеңсе, Иордандын батыш жээгиндеги айрым жөөт кыштактарын көчүрүп кетип, башка жерлерде жаңыларын орнотууну убада кылууда.

Израилдеги парламенттик шайлоо жөөттөр менен палестиндер бирдей тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурады деп ишенген маалда өтүп жатат. 3 айдан ашуун убакыттан бери төшөктө жаткан Израил премьери Шарондун жаңы партиясындагы орун басары Эхуд Ольмерт добуш берүүнү “тилектештик референдуму” деп атады. Атап айтканда, “Кадима”, же “Алга” партиясынын “тилектештик” планына ылайык, 2010-жылга чейин Израил менен Иордандын батыш жээги ортосунда туруктуу чек ара орнотулушу керек. Бул өз кезегинде Израил палестиндерден аймактык жактан бир тараптуу бөлүнүп жатканын түшүндүрөт. Ошол эле маалда, кадимачылардын планы боюнча, Израилге бир катар жөөт малалары жайгашкан жерлер жана Иерусалимдин чыгыш тарабы кирип калат.

Эксперттер Израилде палестиндерден акырындап бөлүнүү планы колдоо таап, “Кадима” партиясы утуп чыгышы мүмкүн деген пикирде. Тель-Авивдин жанындагы Бегин-Садат изилдөө борборунун өкүлү Бернард Сассердин пикири ушундай.

-1967-жылкы алты күндүк согуштан кийин Израилде Палестина мамлекетин орнотуу идеясын колдогон кишилерди издесеңиз, тапкандарды телефон будкасына оңой эле батыра алмаксыз. Азыр, андан 40 жыл өткөн соң, Израил парламентинде Палестина мамлекетин түзүүгө каршы болгондордун саны аздык кылат. Албетте, маселенин ар түрдүү жагдайлары бар деңизчи.

Бийликтеги “Кадима” партиясынын бул планына эң ириде Ариэл Шарон өзү мурда жетекчилик кылган “Ликуд” партиясы каршы чыкты. Мурдагы премьер Беньямин Нетяньяху төрагалык кылган ликудчулар Израил Палестина мамлекети түзүлгөнү үчүн көбүрөөк аймакка ээлик кылышы керектигин талап кылып, мүнөзү жумшак Ольмерт өкмөт башчылыкка жарабайт деп белгилеп келатат.

“Кадима” партиясынын тилектештик планын мурдагы Советтер Союзунан көчүп барган жөөттөрдүн “Израил – биздин үйүбүз” партиясы да колдобойт. Алар Израилдик араптар жашаган чакан аймакты Палестинага өткөрүп берип, анын ордуна Иордандын батыш жээгинде көбүрөөк жөөт малаларын сактап калууну көздөйт.

Израилдик саясатчылар талашып жаткан жана шейшембиде бүткүл эл добуш бере турган бул пландардын баарына Палестин жетекчилиги каршы. Ушул аптада ант берип, бийликти өз колуна ала турган “Хамас” партиясы Израил мамлекетин таануудан баш тартып келатат. Өткөн айда “Ройтерс” агенттигине берген интервьюсунда Палестинанын премьери болуп дайындалган башкы хамасчы Исмаил Ханья буларга токтолгон.

-Мен мурда белгилегендей, Израил 1967-жылы басып алган жерлерди, Иерусалимди кошо бошотуп, туткундарга азаттык берип, палестин качкындарынын үйлөрүнө кайтып келүү укугун тааныганда гана “Хамас” Израил менен узак мөөнөттүү элдешүүгө барат.

Израилдин өзүндө айтканынан кайтпаган катаал мүнөздүү Шаронду сылык-сыпаа Ольмерт алмаштыра алабы деген суроо кызуу талданууда. Коомдук пикирди сурамжылоо көрсөткөндөй, кандай болгон күндө да Шарондун “Кадима” партиясын шайлоочулардын кеминде төрттөн бири колдоочудай.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG