Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:45

МИЛОШЕВИЧТИН ӨЛҮМҮНӨ КАРАТА КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР


Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн расмий чөйрөлөрү мурдагы Югославиянын президенти Слободан Милошевичтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу өз мамилелерин билдире башташты. Ал адамзатка каршы кылмыш кылган деген доо боюнча Гаагадагы эл аралык трибуналда соттолуп жаткан чагында, 11-мартта абакта кайтыш болду. Анча-мынча киши ага жан тарткан менен, көпчүлүк саясатчылар Милошевичти жана анын режимин Балкандагы эң соңку согуштун башкы күнөөкөрлөрүнүн бири, он миңдеген кишинин жазыксыз жерден курман болушу үчүн айыптуу саясатчылардын бири катары эскеришти. Маркум Милошевич өзүнө коюлган доолорду эч жууткан эмес.

Франциянын тышкы иштер министри Филипп Дуст-Блази Слободан Милошевичтин каза болгонуна байланыштуу пикирин алгачкылардан болуп билдирген Батыш саясатчыларынан болду.

Дуст-Блази Милошевичтин өлүмүнө байланыштуу сөз козгогондо мурдагы серб мамлекет башчысын эскербестен, анын режиминин курмандыгы болгон он миңдеген бейкүнөө кишилердин, алардын арасында аялдар менен балдардын арбагына таазим кылуу жөндүү деп санайт.

Ушул тапта Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган өлкө - Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник бүгүн Зальцбург шаарында Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйыны маалында чыгып сүйлөп, Милошевичтин өлүмү Балкан аймагындагы каргашалуу окуялардан жабыр тарткандардын кайгысын деле жазбайт, аймактын болочогуна деле из калтырбайт дегендей оюн айтты:

- Саясий жагынан алганда, аймак үчүн, өзгөчө алганда, Белград үчүн, бул өлүм өткөндүн мурасына карата, Слободан Милошевич өзү да катышкан өтмүш окуялардын мурасына карата тийешелүү мамиледе болуу зарылчылыгын өзгөртүп жибере албайт.

Ишембиде Зальцбурга чогулган Евробиримдиктин министрлери Балкандын батыш өңүрүн ээлеген мурдагы коммунисттик өлкөлөрдүн баары тең акыры бул Биримдикке мүчөлүккө өтөт деген ишенимин дагы бир ирет кайталашты.

Ал эми Милошевичтин Серб Социалисттик Партиясынын вице-президенти Милорад Вучелич (Milorad Vucelic) мырза болсо, айрым партиялаштарындай эле, бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Вучелич Милошевичтин өлүмү үчүн Батыш жооптуу деген пикирде:

- Милошевичти өлтүргөн тараптын өзү анын өлүмүн тастыктап жатканы айдан ачык. Мен көбүртүп-жабыртып сүйлөп жаткан жокмун. Өзүңүздөргө маалым болгондой, медициналык даректүү маалыматка караганда, ал Орусияга барып дарыланууну суранган. Гаага трибуналы болсо Слободан Милошевичтин өтүнүчүн четке кагып, аны өлтүрүп салды.

Бирок Вучеличтин бул айыптоосу Милошевичтин өлүмү тууралуу башка көп сандаган кабарларга коошпой турду. Мурдагы югослав жетекчиси сааты келип, өз өлүмү менен о дүйнөгө кеткени көпчүлүк булактар тарабынан баса белгиленип айтылууда. Голланд дарыгерлери анын өлүмүнө байланыштуу расмий тыянагын ишембинин кечинде (бул материал даярдалып жаткан чакта) жарыялай элек болчу.

Балкан аймагында көптөгөн саясатчылар “Милошевич өз жасаган иши тууралуу акыйкат соттун чечимин уккан соң каза тапканда эмне? Атаганат!” деген маанайдагы кейиген пикирлерин билдирүүдө. Ушундай пикирди жарыялагандардын бири – хорват президенти Степян Месичтин кеңсеси болду.

Ал эми босниялык мусулмандардын лидери Сулейман Тихич болсо: “Милошевич жазасын тарткан соң гана өмүрү менен кош айтышса кана? Аттиң”, - деп кейиди.

Югославияны 13 жыл бийлеген Милошевич өзүнө коюлган бардык доолорду жуутпастан, кыргын уюштурбагандыгын, башка диндеги кишилерге карата тукум курут саясатын жүргүзбөгөнүн кайталап айтып жүрүп өттү.

Милошевичтин бир тууганы ушул тапта Орусияда баш пааналоодо. Гаага трибуналынын прокурорлору Милошевичтин аялы менен уулу да Орусияда жашырынып жүрөт деп шек кылып келет.

Быйыл жыл башында Милошевич дарылануу үчүн Орусияга жибергиле деп суранганда, Гаага трибуналы анын өтүнүчүн четке каккан. Трибуналдын баш прокурору Карла дел Понте Милошевич Гааганын өзүндө эле татынакай дарыланып жатат деп билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG