Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:43

БУУ: КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ДОЛБООРУНА ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Жума күнү АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчилери БУУнун Нью-Йорктогу башкеңсесинде экинчи жолу чогулуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча билдирүүнүн долбоорун талкуулашты. Долбоордо БУУнун Коопсуздук Кеңеши өзөктүк программа маселесин сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү чакырыгы камтылаары жана анда Иранга каршы кандайдыр-бир чаралар жөнүндө айтылбагандыгы Батыш басма сөз каражаттарына маалым болду.

АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытайдын (Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн) элчилери 10-мартта түштөн кийин жабык жыйын өткөрүп, Ирандын өзөктүк программасына карата Коопсуздук Кеңешинин мамилеси тууралуу маселени талкуу кылды. Бирок бул жабык жыйындын айрым түйүндүү жагдайлары Батыштагы басма сөз каражаттарына дайын болду.

Жыйында Орусия Кытайга, Европа Биримдигине жана АКШга өзөктүк маселе боюнча Иран менен тирешүүнү басаңдатууну сунуш кылды, бирок АКШ аны дароо четке какты.

Иран өлкөнүн өзөктүк программасы тынчтык максатында гана багытталганын билдирген менен, Батыш, өзгөчө Кошмо Штаттар, расмий Тегеранга ишенбестигин билдирүүдө.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы БУУнун Копсуздук Кеңешинин өзүндө өтүүгө тийиш деген оюн билдирди.

АКШнын БУУдагы элчиси Жон Болтондун (John Bolton) айтымында, тирешүүнү токтотуу Ирандын өзүнө байланыштуу:

- Иран кризисин чечүү жолу Ирандын колунда. Ал өзөктүк курал өндүрүүгө умтулуусун токтотууга тийиш. Бул - өтө жөнөкөй жана тикелей жол. Алардан талап кылынчу нерсе төмөнкүдөй эле – алар БУУнун Өзөктүк кубат агенттигинин чечимдерин, өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимдин текстин жана Ирандын Өзөктүк кубат боюнча агенттик менен коопсуздук чаралары тууралуу түзгөн келишимин окуп чыгышы керек жана бул келишимдерди аткарууга тийиш.

8-мартта Ирандын өзөктүк долбоору тууралуу БУУнун Өзөктүк кубат агенттиги жолдогон баяндама БУУнун Коопсуздук Кеңешине келип түшкөн. Агенттик бул баяндамада Иранды өзөктүк курал өндүрүүгө багытталган долбоорун жашырып жатат жана уранды байытуу иш-аракеттерин токтотуудан баш тартууда деп айыптаган.

БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан жума күнү (10-мартта) журналисттер менен баарлашып жатып, Иранга байланыштуу кырдаал дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деген пикирин билдирди:

- Эң мыкты жол – бул өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында табылган чечим. Мен тараптар сүйлөшүү жараянына кайтып келет жана Иран Өзөктүк кубат агенттиги менен кызматташуу үчүн тийешелүү кадамдарын жасайт деп үмүттөнөм. Бул кадам Ирандын мүдөөсү - өзөктүк кубатты тынчтык максатта пайдаланаарында жана бул багытта эл аралык коомчулук менен кызматташа тургандыгында экендигине эл аралык коомчулуктун ишенимин арттыраар эле.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иранды эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташууга чакыраары күтүлүүдө.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-мартта Нью-Йоркто мындайча пикирин ортого салган:

- Бул жаңжалды согуш жолу аркылуу жөнгө салууга болбой тургандыгына биз ишенебиз. Менимче, Улуу Британия менен Германия да, алардын министрлеринин коомчулукка ачык билдиргенине караганда, ушундай эле турумун билдирип жатат. Жаза, чектөө киргизүү ыкмалары өз максатына жеткен учурлар соңку тарыхыбызда катталды деп санабас элем.

Франциянын тышкы иштер министри Филипп Дуст-Блази жума күнү жергиликтүү үналгы каналдарынын биринде чыгып сүйлөп, “биздин максат – жазалоо эмес, саясий жол табуу” деп айтты.

Кандай болсо да, Батыш өлкөлөрү, өзгөчө АКШ, расмий Тегерандын өзөктүк курал жасоого багытталган уранды байытуу аракеттерин токтотуу жаатында ага эч кандай жеңилдикке барбай турганын билдиришүүдө.

Иран болсо, сырткаркы кысымдарга карабастан, уран байытуу аракеттерин токтотпой турганын айтууда. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад 9-марттагы сөзүндө эгерде Батыш Ирандын өзөктүк технология жаатындагы иш-аракетине тоскоол кылчу болсо, анда ал Иранга караганда алда канча көбүрөөк зыян тартат деп эскертти.

XS
SM
MD
LG