Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

КЫРГЫЗСТАН ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШТА КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ


2- мартта Түркиянын Измир шаарында өткөн грек- рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Вехби Емринин байгесине арналган эл аралык Гран- при мелдештен кыргызстандык балбандар ийгиликтерге жетишип, 1 коло медаль утуп келишти.

Дүйнөлүк Гран- при таймашына грек-рим күрөшүнөн жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө жана Азиянын чемпиону Уран Калилов, 60 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Ринат Усупжанов, 66 кг салмакта Афина олимпиадасынын катышуучусу Канат Бегалиев, орто салмакта болсо Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Асылбек уулу Дамирбек, 74 кг салмакта Азия чемпиону, 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов, 84 кг салмакта Азат Эркинбаев Кыргызстандын намысын коргоду.

Күч сынашууга дүйнөлүк күрөш державалары аталган АКШ, Куба, Болгария, Түштүк Корея, Иран, Түркия баш болгон 20 мамлекеттин тандалган балбандары катышты. Мөрөй талашуу эл аралык күрөш федерациясынын жаңы эрежеси боюнча өткөрүлдү.

Колун кокустатып алгандыктан жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, былтыр дүйнө биринчилигинин алтын медалын жеңген Жанарбек Кенжеев бул таймашууга катышкан жок. Ошондой эле оор салмактагы балбан Нурлан Ибраимов паспорт көйгөйүнүн айынан Түркияга барбай калды. “Эгерде ушул эки балбан барып күрөшсө Кыргызстан байгелүү үчүнчү орунду ээлеши ыктымал болчу” дешет спорт адистери. Ошентсе да Кыргызстан 20 мамлекеттен 5-орунду камсыз кылды.

Грек-рим күрөштөн алты балбанды таптап, дүйнөлүк Гран-при таймашына алып барган өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу Эмил Алыкулов мелдештин жүрүшү тууралуу мындай деди:
- Быйыл бир айдын аралыгында эле эки Гран- при «алтын мелдештери» болуп, жыйынтыгы июнь айында Баку шаарында болмокчу. Измирдеги мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү. Алты балбандан Асылбек уулу Дамирбек жакшы күрөштү.Алтоонун төртөө упайга ээ болуп кийинки Гран-при мелдешине катышмак болду. Быйыл балбандарга чоң максаттарды коюп, машыгууларды үзбөй өткөрүп жатабыз.

Гран- при мелдешинде биринчи орундан 8-орунга чейин упай берилип, кийинки Болгарияда өтчү экинчи мөрөй талашууга жолдомо берилди.

Кыргызстандык балбан Асылбек уулу Дамирбек Измирдеги Гран-при мелдешинде коло байгени жеңип алды. Уран Калилов менен Данияр Көбөнов бешинчи орунду ээледи.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү, Азия чемпиону, Афина олимпиадасынын катышуучусу, 14- Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов финалдык топко кошулбай калганын, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге Кыргызстандан калыстар барбай калганын өкүнүү менен белгиледи:
- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айынан биздин балбандардын чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Протест жазуу үчүн барымтага акча коюш керек. Эптеп каражат тартыш болуп араң барган элек. Ошондуктан Кыргызстандан калыстар барса, алардын да таасири болмок. Эми башкы максатым-Алматыдагы Азия чемпионатын жана Кытайда өтчү дуйнө чемпионатынын алтын байгесин өлкөмө белек кылуу.

Эми кыргызстандык тандалма балбандар 18-мартта Болгарияда өтчү ушул сыяктуу Гран-при мелдештерине катышмакчы. Ошондой эле мындай “алтын “мелдештеринин жыйынтыгы июнь айында Бакуда чыгарылат. Андан кийин Алматыда өтчү Азия чемпионатына дагы даярдык көрүшүүдө.

Каражат табылса дагы бир нече эл аралык мелдештерге катышканда кыргызстандык балбандардын чеберчилиги өсүп, чоң такшалуу мектебинен өтүшмөкчү. Себеби, күзүндө Кыйтайда дүйнөлүк чемпионат болсо, декабрда Катардын Доха шаарында 15-Азия оюндары өткөрүлмөкчү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG