Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

ТҮРКМӨНСТАН АРКЫЛУУ КЕЛАТКАН АЖЫЛАРДЫН АЛДЫ КЫРГЫЗСТАНДА, АРТЫ ИРАН МЕНЕН СИРИЯДА


Ажылык сапардан кайтып келаткан кыргызстандык зыяратчылар Түркмөнстан аймагынан толук өтүп бүтө элек. Автоунаалары бузулуп калгандыктан жана башка себептерге байланыштуу жолго чыга албай Иран жергесинде дагы ондогон кыргыз атуулдары калууда.

Ош облусунун казысы Сүйүн-ажы Калыковдун айтымында Түркмөнстан аркылуу келаткан ажылардын алды үйлөрүнө жетип баштады, бирок дагы далай адамдын дайны жок:

-Түркмөнстанга салган ажылар кечеги күндөн баштап үйлөрүнө келе башташты. Алардын көпчүлүгү Оштон эмес беле. Бирок, Ош шаарынын казысы Рахматулла ажы баштаган көптөрүнүн дале дайыны жок. Эмнегедир кармалып атышат.

“Азаттык” менен телефон-байланышка чыккан Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Зарылбек Акматбеков өз кезегинде , зыяратчылар белгиленген тартипте чегарадан кармалбай эле өтүп жатышканын билдирди. Анын эсебинде 2800 адам Түркмөнстандын чегарасынан 15 күндөн ашык убакытта өтүп бүткөн. Түркмөнстандын 600 чакырым аралыкты түзгөн Өзбекстанга чейинки аймагынан аларды МАИ кызматкерлери коштоп-узатып турушкан. Ошол эле учурда элчинин маалыматы боюнча, дале Түркмөнстанга жете элек кыргызстандык ажылар да бар экен.

-Азыр Ирандын Мешхед шаарында бир автобус турат. Ал жүргүс болуп бузулуптур деп атышат. Биздин Мешхеддеги консул бир автобус таап, аларды Түркмөнстандын чегарасына чейин жеткирет. Андай автобусу таптакыр бузулуп калган учур буга чейин да бир жолу болгон. Түркмөнстан чегарасынан да биз аларды атайын автобуска салып, жүктөрүн жүк машинеге жүктөп жөнөткөнбүз. Тигини да ошондой кылмак болдук. Эми дагы бир кабар болуп атат, ажыга үлгүрбөй калган эки автобус зыяратчы өздөрүнчө зыярат кылып жүрүп, азыр Сирияда келатыптыр. Аларды да өткөрөбүз.

Элчинин айтымында чегарада буюм-тайымдарды текшерүү учурунда өтө ыңгайсыз жагдайлар болбой койгон жок. Зарылбек Акматбеков түркмөнстандыктардын алдында аны уялууга аргасыз кылган фактылар тууралуу Кыргызстанга кат жазып билдирмекчи. Элчи мырза, айрыкча, ажыга жөнөй тургандардын Кыргызстанда эч кандай медициналык кароодон өтпөгөндүгүнө кейиди.

Кезинде муфтий Мураталы-ажы Жуманов ажыларды утурлап Оштон эки киши кеткенин мактаныч менен билдирген эле. Экөө Астраханга чейин барышып, кыргызстандык ажылар дээрлик Түркмөнстан аркылуу кетишкендигин уккан соң эч кимге пайдасы тийбей эле кайра кайтып баса беришкендиги белгилүү болду.
XS
SM
MD
LG