Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

ДОСБОЛ НУР УУЛУ: “АНСЫЗ ДА ООР КЫРДААЛДЫ ДЕПУТАТТАР ОГО БЕТЕР КУРЧУТУП ЖАТЫШАТ”


Чолпон Орозобекова , Бишкек Президент менен парламенттин ачык сын айтышып алганы жакшы болду деп билдирди билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулу. Анткени, ачык сын өз ара түшүнүшүүгө жардам берет.

- Досбол мырза, президенттин парламентке айткан дооматтарына кошуласызбы?

- Акыркы күндөрү чындап эле парламент президентке да кескин сындарды айтып келатпайбы. Президент бул боюнча өз оюн ачык айтканы туура болду. Бирок бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Туура болду го деп эсептейм, себеби жабык артынан жамандабай, бетке айткан жакшы эмеспи! Азыр президент менен парламент ортосунда ынтымак, пикир келишүү бар деп ойлойм. Жекшембиде мына ишембиликте президент, спикер болуп бетме бет сүйлөшүп, арча отургузушту. Ушундай ачык болуш керек да.

- Айрым саясат талдоочулар президент менен парламент ортосундагы тирешүү жакшылыкка алып келбейт деп атышпайбы?

- Эгер катуу тирешүү болсо чындап эле жаман болмок. Бирок бүгүнкү кырдаал анчалык эмес го деп ойлойм. Азыр эки ортодо түшүнүшүү бар. Президент болсо 5 жыл ынтымак менен иштейли дебедиби, эл күтүп атат, чогуулап экономиканы көтөрүш керек да. Парламент жөнүндө президент пикирин түз айтты. Депутаттар саясатка өз көз карашын айтууга укуктуу, бирок чынында депутаттар өлкөдөгү кырдаалды ансыз да курчуп баратса ого бетер курчутуп ийип атышат. Президент ошондон улам кескин сын айтууга мажбур болуп атат.

XS
SM
MD
LG