Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Иракта барымтага алынган америкалык журналисттин тагдыры белгисиз


Америка журналисти Джилл Кэроллду барымтага кармап кеткендер тарабынан коюлган ультиматумдун убактысы аяктады. Алар эгерде абактагы бардык Ирак аялдары жума күнгө карай бошотулбаса, Джилл Кэролл өлтүрүлөт деп билдиришкен. Кэролл эки жума мурун барымтага алынган. Журналисттин атасы барымтачыларды кызын өлтүрбөөгө чакырды. Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы МкКормак маселе тууралуу буларды билдирди:
-Албетте, биздин оюбуз, тилегибиз ал жана анын туугандары менен. Биз Ирак бийлиги менен биргеликте анын бошотулушу жана үй бүлөсүнө аман-эсен кошулушу үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз.

XS
SM
MD
LG