«Бул жылы Борбор Азия, постсоветтик аймактагы башка региондорго караганда, аналитиктердин көбүрөөк кызыгуусун жаратты» деп жазат орусиялык серепчи Сергей Михеев politcom.ru интернет басылмасындагы макаласында. Анын айтымында, аяктап бараткан жылы Борбор Азияда өзгөчө маанилүү окуялар болду: Кыргызстандагы «түстүү ыңкылап», Өзбекстанда Анжиян окуялары, Казакстанда өткөн президенттик шайлоо эксперттерди көптөгөн түрдүү тыянактарды чыгарууга мажбурлаган.
Азыр эми регион бир аз тынчып, туруктуулук орноп калгандай. Бирок мунун баары убактылуу гана көрүнүш, регион дагы көп сыноолордон өтөт деп божомолдойт серепчи. Макалада региондогу ар бир мамлекеттеги жылдын негизги саясий окуялары жана алар кандай жыйынтыкка алып келиши мүмкүн экени тууралуу ойлор айтылат. Мисалы, Казакстандагы шайлоо тууралуу айтып жатып, анын өтө эле тынч өткөнүн таң калыштуу көрүнүш дейт ал. Буга бир чети негизги оппозиционер Жармахан Туякбай деле Назарбаев тарабынан жасалма жарата коюлган болушу да себеп болгондур дейт. «Кантип эле буга чейин президентке жапжакшына эле моюн сунуп келген прокурор шайлоого бир жыл калганда тура калып, оппозиционер болуп калсын?» дейт ал.
Ал эми Кыргызстанда Акаевдин бийлигинин кулашы жумурияттагы оорчундуу проблемаларды чечпей эле, тескерисинче, аларды кайра дүрбөтүп ийди дейт автор. Мисалы, Түндүк-Түштүк проблемасы кайра күчөп, коррупция деле азайып калган жок. Болгону акчанын агымы мурдагы багытын өзгөрттү. Анан, албетте, калктын буга нааразылыгы да күчөп жатат.
Мунун баарынын жыйынтыгы катарында «Бүгүнкү бийлик мамлекетти башкара албай калды» деп эсептейт Михеев. Анын оюнда, Бакиев-Кулов биримдиги болгону айла жоктуктан пайда боло калган аракет. Эки таптакыр башка саясий топту жетектешкен Бакиев менен Куловдун ортосунда пикир-келишпестик келерки шайлоолордо сөзсүз жаралбай койбойт деп ишенет автор.
Жалпы Борбор Азияга тиешелүү дагы бир макала бейшембиде «Российские вести» басылмасында жарыкка чыкты. Анда региондо жашаган орус улутундагы калктын абалына кеңири анализ берилет. Журналист Сергей Бекировдун айтымында, региондо жалпысынан абал курч – ал жактан бүт ишин таштап, там-жайын сатып кетип жаткандардын саны өсүп жатат экен. «Бирок Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы абал, Тажикстан менен Түркмөнстандагыга караганда, алда канча дурус. «Тажик жана түркмөн жеринде орустардын келечеги жок» деген тыянакка келет автор. Анын үстүнө ырасмий Москванын да борборазиялык өлкөлөрдө жашаган орустарга карата эч ичти жылыткыдай саясаты жок, жардам көрсөтүлбөйт деп жазылат.
Кыргызстанда саясий башкаруу форма тууралуу кызуу талаш-тартыштар жөнүдө бул жолу «Независимая газета», «Коммерсант» жана «Газета» басылмалары жазып чыгышты.
Ал эми «Труд» гезитинде постсоветтик аймактагы орус тилинин абалы тууралуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ойлоруна орун берилген. Жакында Айтматовдун жетекчилигинде «КМШ жазуучуларына орус сыйлыгы» түзүлүптүр. Эми жылына февралда бир топ жазуучулардан турган топ орус тилинде жазылган адабий чыгармалардан мыктыларын тандап алып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгарып турушат. «Максат – постсоветтик аймакта орус тилин сактап калуу» деген Чыңгыз Айтматов.