Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

“Кыргыз туусу” өкмөт кысымына тушуктубу?


БИШКЕК. 2-декабрда “Кыргыз туусу” гезитинин редакциясы билдирүү таратып, анда гезиттин башкы редактору Бакыт Орунбековдун дарегине өкмөт аппараты тараптан дооматтар күчөп, кысым көрсөтүлүп жатканы айтылат. Ага аталган гезитке жарыяланган 2 миңге жакын атуулдардын кайрылуусунда өкмөт башчы Феликс Куловго карата айтылган сын-пикирлер себеп болгон. Бул тууралуу гезитин ин башкы редактору Бакыт Орунбеков буларды белгиледи:

- Өкмөттүн аппарат жетекчиси Т. Коеналиев чакырып, өкмөт башчыны сындаган материалдар өкмөттүк гезитте кетпеши керектигин айтты. Мен замандын өзгөрүп жатканын, сөз эркиндигин, гезитте коомдогу бардык пикирлер жарыяланышы керектигин, ыңкылаптын максаттарын айтып, түшүндүргөнгө аракет жасадым. Бирок андан натыйжа чыккан жок. Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Роза Давыдова да менин тагдырым өкмөт башчынын колунда экенин, алардын айтканын айткандай жазып турушум керектигин айтты. Мен муну демократия принциптеринин бузулушу, сөз эркиндигин чектөө деп эсептейм, керек болсо саясий кысым деп бааласа болот муну.


Ал эми пермеьр-министрдин аппаратынын маалымат башкармалагынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жедигер Саалаев бул маселе боюнча мындай пикирин билдирди:

- Бул жерде сөз гезиттин позициясы жөнундө болуп жатат. Журналисттик этика, кызматтык этика деген бар. Гезиттеги К. Жамгырчиновдун макаласында “Парламент Куловду жашыруун колдойт, жаңы бийликке же Бакиевге тымызын бут тосууда деген каңырыш кеп эл аралап жүрөт. Парламент Бакиев корсөткөн революционерлерди жыдыта чаап, Кулов көрсөткөндөр өтүп кетет. Бир жылдары Акүйдө жатып, коңулдан буйрук берип, Бекмамат Осмоновду Феликс Кулов досторунун, шакирттеринин колу менен бийликке жыгып берген деген сөздөр журөт. Эми мунун баарын фактылар менен далилдеш керек да. Эми мунун артында чоң коомдук пикир жаралышы тууралуу да маселе бар да бул жерде. Башкы редактор буга жол бербеши керек эле. Гезит өзу өкмөттүкү болсо...

XS
SM
MD
LG