Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин өлкөнүн жогорку жетекчилигинин атынан химиялык заводдогу жарылуудан Амур дарыясынын ууланышына байланыштуу Орусиядан кечирим сурады. Кытай кырсыктын кесепетин жоюуга Орусияга жардам берүүгө даярдыгын жана ууланган суу орус аймагына 8-9-декабрда жетээрин билдирүүдө. Дарыянын уулануусунан бейшемби күнү Кытайдын Харбин шаарына суу берүү токтотулган. Жекшембиде кечке жуук шаарга суу берилери күтүлүүдө. Кытайдын Цзилинь аймагында 13-ноябрда химиялык завод жарылып, андан 100 тонна уулуу зат Сунгари дарыясына түшкөн. Кытайдын Айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин башчысы Цзян Лижин учурда негизги маселе кырсыктын масштабын аныктап, кырдаалга көз салуу экендигин билдирди:
- Биринчиден, биз сууну изилдеп, андагы абал тууралуу өз атуулдарыбызга, андан сырткары Орусияга толук маалымат берүүбүз керек. Сунгари дарыясына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого киришүүбүз керек.
Сунгари дарыясы Орусия аймагына агып өтүүчү Амур дарыясына куят.