Россиянын бейөкмөт “Мемориал” жана “Демос” уюмдарынын билдиришинче, эл аралык коомчулук 27-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Чеченстандагы жагдай жакшырат деп ишенсе, чоң жаңылышат. Анткени, маанилүү саясый өнөктүк “куралдардын айбаты астында өтөт”, деп айтылат укук коргоочу уюмдар шаршемби күнү жасаган билдирүүдө. Билдирүүнү Эл аралык Хелсинки федерациясы менен Адам укугу боюнча эл аралык федерация колдошту.
Хельсинки федерациясы менен “Демостун” өкүлү Татьяна Локшинага кайрылганыбызда, акыркы үч жылда Чеченстанда өткөн шайлоолорду “орой саясый оюн” деп атап, анын себебин мындайча түшүндүрдү:
- 2003-жылы Конституция боюнча өткөн референдумда шайлоочулардын тизмеси жалпы россиялык эл каттоонун негизинде түзүлгөн. 2002-жылкы эл катоо боюнча Чеченстанда 1 088 миң адам жашаган. Бул калп. Даниянын качкындар кеңеши түрдүү гуманитардык жардамдарды пландоо үчүн үймө-үй кыдырып чогулткан маалымат боюнча ал кезде республикада 650 миңден көп эмес эл жашаган. Ошентип, федералдык борбордун колунда бир нече жүз миң “өлүк жан” болуп, алар шайлоодо ресурс катары колдонулду. 2004-жылы Ахмад Кадыровду, 2005-жылы Алхановду президент шайлоо да ушул ыкма менен өттү. Азыркы парламенттик шайлоо ошол бурмалоолордун уландысы жана кырдаалды саясый жөндөө эмес, саясый жараяндар жүрүп жатат деген пикирди жаратуу аракети.
Россия президентинин Түштүк федералдык округдагы өкүлү Дмитрий Козак шейшемби күнү Чеченстанда өткөн кеңешмеде парламенттик шайлоонун эркин өтүшү үчүн бардык шарт түзүлгөнүн маалымдады. Ал эми маалымат булактарынын кабарлашынча, шайлоонун коопсуздугун 15 миң милиционер жана 30 миң аскер камыздайт.
Добуш берүү аскерий жагдайда өтөөрүн чечендер өздөрү да айтышат. Атын атабаган бир шайлоочу “Азаттыктын” кабарчысына мындай деди:
- Сизди аскерлер курчап алып, үстүңүздө тикучарлар калкып учуп, маңдайыңызга автомат кезелип турганда, кандай шайлоо болмок эле.
Экинчи бир шайлоочунун айтымында:
- Албетте, үмүтүбүз зор жана өзүбүзгө жаккан талапкерлер үчүн добуш беребиз. Бирок аларды Грозныйда өткөрбөйт го… Айрымдарыбызда ушундай ишенбөөчүлүк бар.
Бейөкмөт укук коргоочу уюмдар “саясый көз боемочулук” деп сындаган Чеченстандагы шайлоого кремлчил Оңчул күчтөр союзу менен оппозициячыл “Яблоко” партиясы катышууда. “Яблоконун” мамлекеттик думадагы фракциясынын басма сөз катчысы Диллендорф Евгения Адреевна шайлоого катышуунун максатын телефондон берген интервьюда мындайча түшүндүрдү:
- Парламент түрдүү социалдык топтордун, тейпе-уруулардын жана кландардын кызыкчылыгын күч пайдаланбай жана куралсыз эле, цивилизациялык жол менен коргоонун эң мыкты формасы.
Парламенттик шайлоодон кийин, Чеченстан, чечен президенти Алу Алханов айткандай, Россия Федерациясынын “толук укуктуу юридикалык субъекти болуп калат.” Чеченстан азыр Россиянын парламенти жок жалгыз региону.