Кыргызстандын мамлекеттик автоинспекция башкармасында 5 бөлүм бар. Бул тармакта өлкө боюнча 965 кызматкер иштегени менен 9 айдын жыйынтыгында 13 кызматкер кызматтан алынган. МАИнин 3 кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деген айып менен кылмыш иши козголгон. Быйыл 185 кызматкерге эскертүү берилип, айрымдарына сөгүш жарыяланып, тартипке чакырылган. Себеби өлкө боюнча бир күндө орто эсеп менен 1700 айдоочу жол эрежесин сактабай, ар кандай айып төлөөгө мажбур болушат. Ар бир айдоочу 30 сомдон айып төлөсө, күнүнө МАИ кызматкерлери 10 миң сомго чукул каражатты чогултаарын эксперттер айтып жүрүшөт.
МАИ тармагы коррупцияга батып кеткенин, айдоочу жол эрежесин бузган учурда айып төлөгөнү менен дүмүрчөк кыркып беришпегенин бишкектик Жолдош Самсалиев айтып, бул тармакты түп тамырынан бери реформалоонун зарылдыгын белгиледи:
- Кыргызстанда МАИ системасын эбак реформалоо зарыл болчу. Муну көп жылдан бери миңдеген айдоочулар кан какшап айтып келатабыз. Жаңы жетекчилер дагы айдоочулардын сунуштарын эске алуусу зарыл. Антпесе жолдо жүрүп, машина айдоого мүмкүн болбой калды. Себеби, бул тармак өтө коррупцияга батып кеткен. Жаңыча иштөөгө өтүп, мурдакы системаны өзгөртүп, гумандаштыруу керек.
Быйыл май айынан бери ички иштер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга көбөйсө, МАИ кызматкерлери көз жаздымда кала берген. Дагы бир көйгөй - бул тармактын өзгөчө даярдыктан өткөн адистерин даярдоо колго алынбай келет. Себеби, ички иштер академиясында атайын МАИ кызматкерлерин даярдоочу факультет жоктугунан курсанттардын даярдыгы учур талабына жооп бербейт, дешет адистер.
Бишкектеги автожол техникумунда, Кыргыз техникалык университетинде жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, авто техника университетинде жол эрежелери окутулуп, жол куруулуш адистери даярдалганы менен МАИ тармагынын өзгөчөлүктөрү окутулбайт.
Өлкөдө МАИ тармагынын техникалык жабдуулары эскиргенин, учур талабына жооп бербестигин, адистерди башка өлкөлөрдөн тажрыйба алууга жиберүүнүн зарылдыгын Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчиси Касымбек Райымкул уулу айтып, бул тармакты реформалоону колдоого алаарын билдирди:
- Бул тармак коррупцияга батып, жетекчилери өздөрүнүн кызыкчылыгын гана көздөп калышкан. МАИ жетекчилери катардагы кызматкердин абалын жакшыртууну ойлоп да койгон эмес. Алар үчүн бөлүнгөн каражаттар башка максаттарга жумшалып, жеп-ичүү адатка айлаган. МАИ кызматкерлери айдоочуларга өздөрү талаптарын коюп, жол эрежелерин бузганда же ар кандай шылтоо менен айып тагышып, айып үчүн төлөнгөн акчаны өз чөнтөгүнө салып коюуну адатка айландырып алышкан. Бул тармактын ишин жакшыртуу үчүн, биринчиден айлык акыларын жогорулатып, тартипти колго алып, техника менен жабдуу зарыл. Экинчиден, адистерди даярдоочу атайын факультеттерди ачуу керек. Статусун дагы жогорулатуу - учур талабы.
Совет доорунда МАИнин кызматкерлери атайын кийимдер, жабдуулар менен камсыз болуп келишсе, эгемендүүлүктү алгандан бери бул тармак колго алынбай калган. Учурда бир көчөгө светофор орнотуунун наркы 1 млн. 400 миң сомду түзөт. Ошондуктан совет доорунда орнотулган светофорлордун иштөө мөөнөтү бүтсө да, оңдоп-түзөп иштетилүүдө. Өлкөнүн айрым аймагында светофорду унутуп да калышкан.
Кыргызстандагы жол эрежелерин бузуу менен жүргүнчүлөрдү тебелеп кетип, адам өмүрүн зыян кылып, же жабырлануучуга жардам бергендин ордуна качып кеткен 48 айдоочу издөөгө алынып жатканын Бишкек шаардык МАИнин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкери Келдибек Касмамбетов айтты.
Өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Субаналиев дагы МАИ тармагын чукул арада реформалоонун зарылдыгын белгиледи.