Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

КУШ ТУМООСУ КЫРГЫЗСТАНДЫ ДА КООПТОНДУРУУДА


Жай чилдесинде Орусияда башталган куш ылаңы кошуна Казакстан менен Монголияда да катталганы кыргызстандыктарды да кооптондуруп, аны алдын алуу иш-чараларын көрүшкөн. Кыргызстанда учурда куш ылаңы катталган жок. Ошентсе да күзүндө куштардын жылуу жактарга орун которушу өлкө үчүн коркунучтуу жагдай түзүүдө.

Куш тумоосу мындан жүз жыл мурда Италияда биринчи ирет катталган. Мындан үч-төрт жыл мурда Түштүк-Чыгыш Азияда куштар арасында жаңы оору пайда болуп, миңдеген тоок¸ каз, өрдөк өлө баштаганда, аны “азиялык куш тумоосу” деп аташкан. Бирок андан соң оору адамдарга да жуга баштады. 2003-жылдан бери Таиланд, Вьетнам, Камбоджа менен Индонезияда куш ылаңынан алтымыштан ашык адам курман болгонун адистер маалымдаган. Айрым туристтер бул ооруну Европа мамлекеттерине да алып келишип, келгин куштардан аталган ылаң канаттууларга жуккан.

Быйыл июль айынын аягында Орусиянын Новосибирск ,Омск жанаТюмен облустарында куш тумоосу катталып, андан ары Алтай аймагы менен Казакстанга да тарады. Учурунда Европанын айрым өлкөлөрүндө жана Орусияда миңдеген канаттууларды өлтүрүлүп, өрттөлдү. Бирок адистер эпидемиянын коңшу өлкөлөргө кеңири тарап кетиши мүмкүн деп кооптонуп турушат.

Коңшу Казакстандын түштүк аймагында куш тумоосу катталбаганын, учурда жөнгө салынып, кооптонууга болбостугун Кордай районунун ветерниардык инспекциясынын испектору Керимжан Исманбетов айтып берди:

-Илдет Казакстандын Павлодар аймагында катталган. Учурда абал жөнгө салынган. Кыргызстанга коңшу Кордай аймагында мындай ылаң катталган эмес. Коңшулар кооптонбой деле койсо болот.

Казакстан менен Орусиядан тоок этинин, жумурткасынын экспорттолушуна 27- июлдан бери Кыргызстанда тыюу салган. Күзүндө куштар жылуу жактарга учуп баратышып, кыргыз жергесинде, айрыкча Чүй өрөөнүнө өргүү кылышкандыктан куш тумоосу жергиликтүү канаттууларга жугушу да толук ыктымал. Ошондуктан Кыргызстанда куш тумоосуна каршы катуу көзөмөл болуп, иш чаралар көрүлүп жатканын өлкөнүн мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору, ветеринария департаментинин директоруТалантбек Узакбаев билдирди:

- Мындай оору өлкөдө катталган жок. Чек араларда ветеринардык посттор иштеп, катуу көзөмөл болууда. Орусия менен Казакстандан кирген унаалар, адамдар дизинфекцияланып жатат. Куш ылаңын алып жүрүүчү вирус да улам өзгөрүп, тактоо кыйын болууда, анткени анын бир түрүнө каршы чыгарылган вакцина улам жаңы пайда болгон башка түрүнө каршы күчсүз болуп чыгышы мүмкүн. Экинчиден, башка вирустар менен кошулганда ал вирустун күчү көбөйөт, бирок эң негизгиси - куш ылаңынын вирусу кишиге жугуп, андан соң адамдан адамга өтүшү мүмкүн.

Талантбек Узакбаев ошондой эле илдеттин алдын алуу иш чаралары тууралуу буларга токтолду:

- Эң биринчи талап - өлкө боюнча канаттуулар фабрикаларына карантин киргизип, чоочун адам, унааны киргизбей турабыз. Шектүү адамга тыкан медициналык текшерүү өткөрүү абзел. Эгерде эпидемия чыгып калса, анда ал жерге жакын айылдарда карантин жарыялап, мектеп, мечиттердин баары жабылыш керек. Ошондуктан Орусия менен Казакстандан куш эти, жумурткасын алып келүүгө тыйуу салганбыз. Контрабандалык тоок эттери, жумурткалар кармалууда. Учурда келгин куштардын өлкө аймагынан учуп, өргүп кетиши куш тумоосун жайылышына себепкер болобу деп кооптонуп, алдын алуу чараларын көрүп жатабыз. Дүйнөлүк банктын жардамы менен куш тумоосун аныктоочу жана сактануучу жабдууларды алып жатабыз.

Мурдагы күнү куш тумоосунан Вьетнамда дагы бир жаран каза болгонун маалымат каражаттары билдирди.

Адистердин айтымында, куш ылаңына байланыштуу вирус ылдам өзгөрүп турат, учурда вирустун 15 түрү аныкталган. Ошондуктан ага каршы даба табуу өтө кыйын болууда, Адистер мындай дартка кабылган куштун тумшугунан суюктук агып, ичи өтүп, алы кетип, температурасу 44 градустан ашып кетээрин, анда дароо ветеринардык кызматкерлерге кайрылууну эскертишүүдө.

Кыргызстандын мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору, ветеринария департаментинин директору Талантбек Узакбаевдин айтымында, өлкөнүн базарлары да катуу көзөмөлгө алынган. Куш тумоосунун таралышын үч тепкичке бөлүнүп каралууда. Биринчиси, өлкө аймагы аркылуу учуп өтчү жапайы канаттуулар, экинчиси, булар менен түздөн-түз байланышчу үй канаттуулары, үчүнчүсү канаттуулар фабрикасы.

Эң кооптуусу - экинчи топтогулар куш ылаңын жайылтышы мүмкүн, дешет адистер. Куш тумоосун алдын алуу үчүн өлкөдө 1760 ветеринардык кызматкер, 200гө жакын ветеринардык милиция иш алып барууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG