Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:44

КЫТАЙДА БОКС БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ БАШТАЛДЫ


11-ноябрда Кытайдын Миян-Янг шаарында бокс боюнча дүйнөнүн чемпионаты башталды. Дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын беш бокс чебери катышууда.

Бокс Байыркы Грекияда биздин заманга чейинки 688-жылы эле Олимпиялык оюндардын программасына киргизилген. Ал эми азыркы мезгилдеги бокстун мекени болуп, 16-17-кылымдардан бери Англия эсептелет. 1867-жылы бокстун эл аралык алгачкы эрежелери иштелип чыккан. Кийинчерээк бокс Европа, Азияга жана Америкага тараган. 1904-жылдан бери бокс Олимпиялык оюндардын программасына кабыл алынган. 1920-жылы Эл аралык бокс федерациясы түзүлгөн. Ал эми 1974-жылдан бери бокстан дүйнөнүн чемпионаты өткөрүлүп келүүдө.

Кыргызстандык бокс спортунун чебери Андрей Курнявка 1989-жылы Москвада болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын медалдын ээси болуп, дүйнө чемпиону аталган. Эл аралык спорт чеберлери Орзубек Назаров жана Нурлан Абдыкалыков учурунда Европанын чемпиондору болушкан. КМШнын биринчилигинде 1993-жылы эл аралык спорт чебери Таалай Кадыралиев 1-орунду жеңип алган. 2002- жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында Таалай Кадыралиев коло байгени утуп алган.

Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык боксчулар Нурбек Касенов, Тилеберди уулу Абыл, Алексей Катулевский жана Вячеслав Визильтер дүйнө чемпионаттарына катышкан. 4-5 жылдан бери каражаттын жоктугунан өлкөнүн боксчулары дүйнөлүк таймаштарга барбай калышкан.

11-ноябрда Кытайдын Миян-Янг шаарында башталган дүйнө чемпионатына Кыргызстандан беш жигит катышууда. Аларды спорт күйөрмандарына тааныштыра кетели. Эң жеңил салмакта Азия чемпионатынын коло байге ээси, кочкорлук Сапарбек уулу Тилек өлкөнүн намысын коргоп жатат. Афина олимпаидасынын катышуучусу, учурунда Азия чемпионатынын күмүш медалын уткан канттык Асылбек Таласбаевден күйөрмандардын үмүтү чоң. Ал эми 75 кг. салмакта дүйнөлүк таймашууга жалалабаддык Бекзатбек Исаев катышып жатат. 81 кг. салмактагы көкжаңгактык Кымбатбек Рыскулов Азия чемпионатында күмүш медаль уткан жигит. 91 кг салмакта бишкектик Руслан Мырсатаев жаш болсо да Кыргызстандын намысын коргоп жатат. Ушул беш жигитти өлкөнүн бокс федерациясынын биринчи вице-президенти, мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Үмбөталы Кыдыралиев жана эл аралык калыс Мамыт Акеров баштап барышты.

Жигиттердин даярдыгы жана мүмкүнчүлүгү тууралуу өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Шайбек Карагазиев булардыайтып берди:

- Жигиттердин даярдыгы мыкты деп айтууга батынбай турам. Ар ким алына жараша даярдык көрдү. Мындай дүйнөлүк күч сынашууда чүчүкулак кармап, атаандаштарды аныктоо да көп маселени чечет. Балдар багын сынап көрүшөт да. 91 кг салмактагы бишкектик Руслан Мырсатаев жаш болсо да таланттуу жигит, жок дегенде тажрыйба топтоп, өзүн сынап келет. Келечегинен үмүт кылса болот. Эң жеңил салмакта Азия чемпионатынын коло байге ээси, кочкорлук Сапарбек уулу Тилек ийгиликке жетип калуусу толук ыктымал. Бул жигит Нурлан Абдыкалыков, Кеңешбек Дүйшеев таалим- тарбия алган Кочкордогу бокс мектебинен чыккан. Кимдин кимдигин рингдеги таймаш көрсөтөт. Ушул эки жигитти 2008- жылы Пекинде өтчү олимпиадалык оюндарга даярдаса болот.

Кыргызстанда таланттуу жаш боксчулар арбын экенин, аларга камкордук көрүүнүн зарылдыгын жана мыкты машыктыруучулар башка өлкөлөргө кетип жатышканын Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оңолбеков белгиледи:

- Кытайдагы дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык жигиттерди кыйын таймашуулар күтүп турат. “Алыбек алына жараша” дегендей даярдык деле ойдогудай болгон жок. Бардык маселе каражатка барып такалууда. Жигиттердин эл аралык мелдештерге аз катышканы, тажрыйбасынын аздыгы, чеберчилигинин төмөндүгү чамасын чактап, башка өлкөлөрдүн боксчуларына алдырып коюшу толук ыктымал. Таланттуу жаштар бар, аларга азыртан камкордук көрүү зарыл.

Дүйнөлүк бокстун деңгээли абдан жогорулап кеткенин, Орусия, Казакстан, Куба, Өзбекстан өлкөлөрүнө теңелүү кыйынга тураарын, кыргызстандык беш жигиттин бирөө да мөөрөй алууга чамасы жоктугун Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Алмаз Касенов айтып, азыртан жаштарга камкордук көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Былтыр бокстан жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон караколдук Айбек Абдымомунов ден соолугуна байланыштуу Кытайдагы дүйнөлүк чемпионатка барбай калды.

Дүйнө чемпионатынын рингдеги күч сынашуулары 21- ноябрга чейин улантылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG