Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Жарандык коом нааразылык акцияларына тыйуу салууга каршы


БИШКЕК. Кыргызстанда мыйзам чегинде митинг, пикеттерге убактылуу тыйуу салуу демилгесине өлкөдөгү саясий партия, бейөкмөт уюмдар каршы чыгышууда. Бул боюнча «Азаттыктын» кабарчысына «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулова мындайча пикирин билдирди:

- Конституцияда пикет, митингке чыгууга уруксат берилген. Ал укукту бир айга же бир жылга тыйып кою туура эмес. Бул Баш мыйзамга каршы келет.

Ал эми «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын башчысы Жыпар Жекшеев мындай дейт:

- Пикет, митинг өзүнөн-өзү уюшулбайт. Бул турмуштун кайнап турган агымынан чыгат. Аны күч менен тыйуу туура эмес.

Мындан бир нече күн илгери учурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Камбараалы Конгантиев өлкөдө тез аранын ичинде тартипти камсыз кылуу үчүн митинг, пикет, жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларына убактылуу тыйуу салуу демилгесин көтөргөн. Ушундай эле демилгени 6-ноябрда «Кыргыз кылымы» саясий партиясы көтөрүп, өлкө жетекчисине, саясий партияларга, бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдогон.

XS
SM
MD
LG