Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

ИРАН: САКТЫККА КОРДУК ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 23-октябрда Ирандын ИРНА кабар агенттиги өлкөнүн Батыш Азербайжан чөлкөмүндө беш миңдей баш жапайы канаттуу белгисиз дарттан кырылып калгандыгын маалымдаган. Өлгөн канаттуулардан алынган анализдер белгисиз дарттын канаттуулар сасык тумоосу менен байланышы жок экенин тастыктады. Ошентсе да бул окуя жана сасык тумоонун H5n1 вирусунун октябрдын башында кошуна Түркияда табылгандыгы Иран үчүн бир топ опурталдуу жагдай түзүп жатканы талашсыз.

Окуянын опурталдуулугу жер шарынын түндүк чөлкөмдөрүнөн түштүккө карай жер которуп жаткан жапайы куштардын бир бөлүгүнүн климаты кышта мээлүүн болуучу Иранда калып жатканында. Ошон үчүн Иранда сасык тумоо коркунучу кыш бою сакталып кала бермекчи. Өлкөнүн Батыш Азербайжан чөлкөмүндө кырылып калган куштардан алынган анализдер алардын өлүмүнө куштар сасык тумоосу эмес, башка бир инфекция себеп болгондугун аныктады. Бирок ошого карабастан өлкөдө дартка каршы этияттык чаралары көрүлүүдө. Ирандын маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, өлкөнүн жапайы куштар байырлаган өзөндөрү менен көлдөрү катуу көзөмөлгө алынды, жапайы канаттууларга аңчылык кылууга чектөө койулуп, калкка жапайы куш этин жана куш этинен жасалган даамдарды сатып алуудан этият болууга көрсөтмө берилди.

Гулистан провинциясынын айлана чөйрөнү коргоо департаментинин жооптуу кызматкери Исмаил Мухажердин айтымында, анын мекемеси жапайы куштардан ар апта сайын анализ алууда. Мамлекеттик ветеринардык кызматтын башчысынын орун басары Саид Харкар мындай текшерүү өлкө боюнча уюштурулуп, жолго койулгандыгын маалымдап, азырынча куштар сасык тумоосунун адам үчүн коркунчтуу H5n1 вирусу табыла элек экенин билдирди.

Өлкөдө куштар сасык тумоосуна каршы профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Жапайы куштарга аңчылык кылынган райондордо аңчыларга лицензия берүү токтотулду. Куштарды тирүүлөй кармоого да убактылуу тыйуу салынып, ылаң чыккан райондордо калк арасында түшүндүрүү иштери жолго койулду. Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Муайед Алавиандын ИРНА кабар агенттигине октябрдын 17синде берген маалыматы боюнча, куштар сасык тумоосу тутанышы ыктымал болгон чек ара чөлкөмдөрүндө куштардын өлүгү табылган учурда өзүн кандайча алып жүрүү керектиги элге түшүндүрүлүп жатат. Андан сырткары өлкөгө кирип жаткан бардык автоунаалар баштан аяк дезинфекцияланууда. Канаттуулар фермаларында иштеген адамдар сасык тумоого каршы эмделүүдө. Алавиан эмдөөдө кайсы дары колдонулуп жаткандыгын тактаган жок, бирок медициналык агартуу министри Камран Ланкарани 22-октябрда жасаган билдирүүсүндө, эм дары катары гриппке каршы өзүн эң таасирдүү дары катары көрсөтө алган Тамифлу дарысы колдонулуп жатканын кабарлады.

Ирандын маалымат булактары 26-октябрда таркаткан кабарларында өлкөдө эм дарынын жетишээрлик кору бар экенин маалымдашты. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун өкүлү Мубашар Риаз Шейк 24-октябрда ИРНА кабар агенттигине берген маалыматында, Иран Улуттар уюмунун "С" категориясына, тактап айтканда, куштар сасык тумоосу бар экени ырастала элек, бирок бул коркунучтуу дартка даяр болууга тийиш өлкөлөрдүн категориясына киргизилгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG