Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Бишкек шаардык соту өзбек бозгундарына байланыштуу ишти карайт


БИШКЕК. Ушул жылдын май айындагы Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга качып келген качкындардын ичинен төртөө учурда Ош шаарынын убактылуу абагында кармалууда. Буга чейин «Адилет» укук коргоо борборунун доо арызы боюнча алардын экөөнө Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти тарабынан качкын макамын берүү маселеси кайрадан каралсын деген Бишкек район аралык соттун чечимине карата аталган департаменттин аппеляциялык арызы 1-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу 31-октябрда «Адилет» уюмунан билдиришти. Ал эми Оштогу сизодо отурган дагы эки өзбек бозгугуна миграция департаменти тарабынан качкын макамы берилиш керек деген арызынын Бишкек район аралык сотунда каралышы кийинкиге жылдырылды. Жылпысынан Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстанга 500гө жакын өзбек бозгуну ооп келген. Алардын ичинен дээрлик көпчүлүгү Европа өлкөлөрүнө өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG