Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Атуулдук коом өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты


ЖАЛАЛАБАТ. Коомдук уюмдар жана саясий партиялар дубанда жыйын курушту. Анда Акүй менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы, башка облустардагы митингдер, аларды жөнгө салуунун чаралары жана өлкөдөгү коомдук-саясий абал талкууланды. Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн өлкө борборунда нечен күндөн бери нааразылык акциясын өткөргөндүгүнө тынчсыздануу билдирүү менен бирге сын-пикирлер айтылды. Кеңешмеде белгиленгендей, демократиялык багытта эркин өнүгүү үчүн өлкөдө тынчтык жана биримдик зарыл. Жаңы куралган өкмөткө элдин үмүт-тилегин актоосу үчүн өндүрүмдүү иштөөгө убакыт берүү керек жана өлкө жетекчилиги менен коомчулук республиканы кылмыш дүйнөсүнүн үстөмдүк кылуусуна жол бербөөсү абзел. Антпесе, март ыңкылабы менен алмашкан бийликке коркунуч түзүлөт. Ушундай көз караштагы бейөкмөт жана коомдук-саясий уюмдар 28-октябрда облус борборунда «Жарандык коом кылмыш дүйнөсүнө каршы» аттуу митинг өткөрүү чечимине келишти. Саясий акция өткөрүү тууралуу Жалалабат шаардык мэриясына билдирүү жиберилди. Жыйындагылардын маалыматы боюнча, жогорудай аталыштагы митингди облустун көптөгөн район-шаарларында да өткөрүү пландаштырылды.

XS
SM
MD
LG