Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

ТҮРМӨДӨ АБАЛ КЫЙЫН...


Соңку күндөрдө Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кырдаал кескин курчуп кетти. Новопокравка айылындагы №3-түзөтүү колониясында соттолгондор менен күзөтчүлөрдүн ортосунда келишпестиктер, толкундоолор, тирешүүлөр босылбай жатат. Бул окуяны жеринде иликтөө үчүн 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү эки тарап менен жолугушууга барды.

“Азаттык” үналгысына 29-сентябрда бейтааныш адам Нопокровкадагы №3 жаза аткаруучу мекемеде толкундоолор болуп жаткандыгын кабарлаган . Бул окуяны жеринде иликтеп, чын-бышыгын билүү үчүн ушул №3-мекеменин жетекчиси Александр Донченкого жолукканыбызда, ал өзү эмгек эс алуусунда экенин, түрмөдөгү толкундоолор тууралуу маалыматы жоктугун жана бул окуяны билген күндө да жогору жактагы башчылардын уруксатысыз эч бир маалымат бере албастыгын билдирген.

Түрмөдөгү абалдын курчушуна №31-абактан которулуп келген Кахраман Матякубов себепкер болуп жатканын 3-жаза аткаруучу мекеменин оперативдик тобунун жетекчиси Иманкул Бектаев айтты:

- Мурда 2-3 ирет соттолгон Кахраман Матякубов №31-абакта олтурган. Аны биздин жетекчилер бул жерге которуу менен ушундай чыр-чатак, араздашуулар башталды. Аны эмне себептен бул абакка алып келишкени биз үчүн белгисиз эле. Көрсө бул атайын тартипти бузуу, чыр чыгаруу үчүн Кахраман Матякубовду биздин түрмөгө алып келишкен экен. Мындай жагдайды түзгөн жетекчилер жооп берүүгө тийиш. Түрмөгө кирип, иштөөгө мүмкүн болбой калды.

Ошондон бери Новопокровкадагы №3-жаза аткаруучу мекеменин айланасындагы тирешүү ырбап, 18-октябрда күзөтчүлөр түрмөгө кирип, көзөмөл кылуудан баш тартышкан. Жаза аткаруучу мекеменин жетекчисинин милдетин аткаруучу Мырзабек Абылбековдун айтымында соттолгондор түрмөнүн ичиндеги жабдууларды талкалап, талап-тоноочулук кылып, баш ийбей койгон.

- Күзөт кызматкерлеринин коопсуздугу коркунучта. Түрмөдөгү цехтерди талкалап, кадимки талап-тоноо өкүм сүрүүдө. Түрмөнүн ичиндеги кургак учук ооруканасынын дарыгерлери да кирип, иштей албай жатышат.

Ал эми түрмөнүн ичинен жазасын өтөп жатышкандар менен жолукканда, алар эч кандай талап-тоноо болбогонун, тартипти өздөрү сактап жатышканын, сакчылар тополоң чыгаруу менен өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечип, айлык акыларын жогорулатууну талап кылууда деген пикирлерин айтышты.

Жазасын өтөп жаткан Жаанбай Дадиев, Саткынбек Айдаркулов жана Жумабек Мамажанов төмөнкүдөй пикирлерин ортого салышты:

- Биз эч кандай мыйзам бузган жокпуз. Сакчылар өздөрү жумушка чыккан жок. Тартипти сактоону өзүбүз көзөмөлгө алдык. Эч кандай талап-тоноо да болгон жок. Муну өз көзүңөр менен көрүп алгыла.

- Алар ушундай тополоң чыгаруу менен өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечип алуу, айлыгын жогорулатууну талап кылышууда.

- Биздин жашоо-жагдайыбызды да оңдоп, тамак-ашты жакшыртып берүүсүн өтүнөбүз. 10 жылдан бери шейшептер жаңыртылган эмес. Көк сорпо менен шылдыр суу, ит ичпеген тамакты беришет. Дары-дармек жокко эссе. Түрмөнүн чоңдору орун талашып, ушундай чыр-чатакты өздөрү уюштуруп, бизди жаманатты кылышууда.


Түрмөдөгү абал менен таанышуу үчүн барган Жогорку Кеңештин депутаттары Тынычбек Акматбаев менен Азиз Турсунбаев мекеменин кызматкерлери жана абакта олтургандар менен жолугуп, эки тараптын көйгөйлөрүн угуп, бул маселени иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлөөрүн маалымдашты:

- Эки тараптын тең көйгөйлөрүн угуп, алар менен жолуктук. Түрмөдөгү мындай көрүнүшкө себепкер болгон жаза өтөө башкармачылыгынын жетекчилери да бар. Түрмөдө эч кандай талап-тоноо болгон эмес, баары жайында экен. Көрүп чыктык. Бул боюнча депутаттык комиссия иштеп, маселени тактап, жыйынтыгын билдиребиз.

3-абакта эки жарым миңдей адам жазасын катуу көзөмөл астында өткөрүп жатышат. Аларга сакчылар сырттан гана көзөмөл жүргүзүүдө. Эки тараптын талаптары аткарылбаган бойдон калууда.

№3-абактан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбев жаза аткаруучу мекемелеринин абалы менен таанышуу үчүн Молдовановка айылындагы №31-абакка барган. Түрмөдө олтургандар менен депутаттын бетме- бет жолугушуусу учурунда түшүнбөстүктөр болуп, атышуу чыгып кеткен. Эки тараптын атышуусунда депутат Тынычбек Акматбаев, сакчысы, жардамчысы жана айдоочусу каза болгон деген маалымат бар деп билдирди, акыйкатчынын аппаратынын инспекция башчысы Анара Абдукапарова. Кечке жуук абакта олтургандар менен сүйлөшүүгө баргандарды барымтага алышканы жана алардын ичинен жарадар болгондору да бар экени маалым болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG