Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Ооганстанда жанкечти жасаган жардыруудан тогуз адам өлүп, жыйырмадан ашууну жаракат алды


Бул кандуу окуя башкалаа Кабулдун чет жакасындагы аскердик–машыгуу борборунда орун алды. Курман болгондордун төртөөсү жоокерлер. Өлкөнүн коргоо министрлигинин маалыматына караганда, аскер кийимин кийген белгисиз адам мотоцикл менен келип, токтоп турган машинелердин бирин сүзгөн. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти талибдер алып, алтурсун жанкечтинин ысымын аташты. Жардыруу Ооганстанда салыштырмалу тынч өткөн парламенттик шайлоодон он күндөн соң болуп олутурат. Ооганстан менен БУУнун биргелешкен шайлоо комиссиясынын өкүлү Питер Ербиндин кечээги билдирүүсүнө караганда, добуштардын жарымы саналып калды жана бул иш келерки аптада аяктамакчы. Бирок шайлоонун ырасмий жыйынтыгы 22-октябрда жарыяланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG